Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 20-июну № 175-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
2007-2012-жылдарга Кыргыз Республикасын Социалдык өнүктүрүү кон-
цепциясынын долбоорун иштеп чыгуу (мындан ары - Концепция) жана респуб-
ликанын калкынын турмуш дењгээлин турукташтырууга жана көтөрүүгө багыт-
талган социалдык реформалардын бирдиктүү курсун жүргүзүү максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары -
жумушчу топ) түзүлсүн:
Жекшенов Б. Ж. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык
өнүктүрүү министринин орун басары, жумушчу топ-
тун жетекчиси.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Рыскулуева Ф.И. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим ми-
нистрлигинин жогорку, кесиптик жана жогорку окуу
жайынан кийин билим берүү башкармалыгынын на-
чальнигинин орун басары;
Кутукеев Т.С. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минист-
рлигинин дарылоо-профилактикалык жардам башкар-
малыгынын начальниги;
Саралаева С.Б. - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат
министрлигинин экономика бөлүмүнүн башчысы;
Орозалиева Г.С. - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орнош-
туруу боюнча мамлекеттик комитетинин миграциялык
саясат башкармалыгынын начальниги;
Чаначева Д.С. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюд-
жеттик жана тарифтик саясат башкармалыгынын на-
чальниги;
Субанов С.А. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча
башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин жер-
гиликтүү өз алдынча башкаруу иштерин финан-
сы-экономикалык өнүктүрүү жана социалдык мобили-
зациялоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Бопушева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене
тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдар-
ды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин уюшту-
руу жана кадрлар иштери, контролдоо, иш кагазда-
рын жүргүзүү жана жалпыга маалымдоо каражаттары
менен байланышуу бөлүмүнүн начальниги;
Орозобеков Б.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесип-
тик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик
агенттиктин саясат жана нормативдик укуктук кам-
сыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Жунушалиев М.Т. - Коомдук технологиялар борборунун "Эмгек миграци-
ясы" долбоорунун директору (макулдашуу боюнча);
Зажигаева 3.А. - Л.М.Фомова атындагы Калкты социалдык коргоо ко-
омдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Житенева В.Г. - "Боорукер Күчтөр союзу" Коомдук бирикмесинин
төрагасы (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топ эки айдын ичинде Концепциянын, аны ишке ашыруу бо-
юнча Иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна берсин.
3. Концепциянын жана Иш-чаралар планынын долбоорлорун иштеп чыгуу-
нун жүрүшүндө мамлекеттик органдардан белгиленген тартипте материалдар-
ды сурап алууга жана адистерин тартууга жумушчу топко уруксат берилсин.
4. Жумушчу топтун мүчөлөрү алардын алдына коюлган маселелердин өз
убагында жана сапаттуу аткарылышына жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы
белгиленсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгына
жүктөлсүн.
Премьер-министри А.Атамбаев