Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 30-июну № 194-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-сентябрындагы №306-б буйругунун редакциясына ылайык) "Электрондук цифралык колтамга жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына ылайык: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстаржана технологиялар мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын айма-гында электрондук цифралык колтамганын күбөлөндүрүүчү борборлорунаэлектрондук цифралык колтамганын жабык ачкычын жана колтамганын ачкычы-нын сертификатын берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын. 2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-лигине өзүнүн балансынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маа-лыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин балансы-на баланстык наркы 1498774,58 (бир миллион төрт жүз токсон сегиз мињжети жүз жетимиш төрт сом 58 тыйын) сом болгон жабдууларды жана программалык камсыздоону акысыз негизде тиркемеге ылайык өткөрүп берүүгө уруксат берилсин. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-сентябрындагы №306-б буйругунун редакциясына ылайык) 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстаржана технологиялар мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө белгиленгентартипте: - электрондук цифралык колтамганын мамлекеттик күбөлөндүрүүчү бор-борду түзүү боюнча сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин; - бул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн жабдууларды жана програм-малык камсыздоону баланска кабыл алсын жана сапаттуу пайдаланууну кам-сыз кылсын. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-июнундагы № 194-б буйругуна тиркеме Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин балансына берилүүчү жабдуулардын жана программалык камсыздоонун ТИЗМЕСИ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-сентябрындагы № 306-б буйругунун редакциясына ылайык) -----------------------------------------------------------------------|N|Аталышы |Саны, даана |Наркы, сом ||-|------------------------------------|---------------|--------------|| |Компьютердик жабдуу | | ||-|------------------------------------|---------------|--------------||1|19 inch RACKx4Slot | 1 | 4215,90 ||-|------------------------------------|---------------|--------------||2|19 inch, Pentium IV - 4,8 GHz, | 2 | 465340,96 || |RAM 4096 MB, RAID 2TB, CD-ROM 52x, | | || |FDD, Video int., Sound int., | | || |Ethernet Card 10/100, Monitor 19", | | || |Mouse (optical), Keybord | | ||-|------------------------------------|---------------|--------------||3|Pentium IV - 4,8 GHz, RAM 1024 MB, | 3 | 402695,16 || |HDD 100 GB, CD-ROM 52x, FDD, Video | | || |int., Sound int., Ethernet Card | | || |10/100, Monitor 17", Mouse | | || |(optical), Keybord | | ||-|------------------------------------|---------------|--------------|| |Программалык камсыздоо | | ||-|------------------------------------|---------------|--------------||1|Microsoft Windows 2003 - Advanced | 1 | 162197,00 || |Server | | ||-|------------------------------------|---------------|--------------||2|Microsoft Windows 2003 - Web Server | 1 | 5695,78 || |(10 Clients) | | ||-|------------------------------------|---------------|--------------||3|Программалык-аппараттык комплекс | 1 | 195756,96 || |"КриптоПРО УЦ" | | ||-|------------------------------------|---------------|--------------||4|Share Point Portal Server 2003 | 1 | 262872,82 || |English (5 Clients) | | ||-|------------------------------------|---------------|--------------|| |Бардыгы: | | 1498774,58 |----------------------------------------------------------------------- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - министр М.Исмаилов