Сравнение редакций…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2007-жылдын 6-июлу № 201-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН БУЙРУГУ
Ташкөмүр-Кербен автомобиль жолуна жакын жайгашкан Жалалабат
облусунун Аксы районунун Тегене айылындагы үй курулуштарынын абалы
жөнүндө маселени изилдөө максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу комиссия түзүлсүн:
Мамаев К.А. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин статс-катчысы, комиссиянын төрагасы,
комиссия мүчөлөрү:
Ызабеков Ы.Т. - Жалалабат облусунун Аксы районунун мамлекеттик
администрация башчысынын биринчи орун басары,
Кенжебаев П.А.- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин Жалалабат облусу боюнча бөлүм начальниги,
Иманбеков С.Т.- долбоорлоо жана курулуш боюнча Кыргыз илимий-изилдөө
институтунун директору,
Парпиев А.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз
мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин
жер жайгаштыруу жана жер кадастры башкармалыгынын
начальнигинин орун басары - башкы адис,
ИсаевА.Ж. - Жалалабат облусунун мамлекеттик администрациясынын
курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн
начальниги,
Сандыбаев М.А.- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин
Мамлекеттик автомобиль инспекциясы башкармалыгынын жол
көзөмөлүнүн жол-патрулдук кызматын контролдоо иштерин
уюштуруу бөлүмүнүн инспектору,
Косивцов Г.В. - долбоорлоо жана курулуш боюнча Кыргыз илимий-изилдөө
институтунун курулуш конструкциясы бөлүмүнүн
начальниги,
Мамбеталиев А.- “Кыргызжолтрансдолбоор” мамлекеттик долбоорлоо
институтунун башкы инженери,
Сатыбеков К.Т.- Жалалабат облусунун Аксы районунун Акжол айыл өкмөтүнүн
жооптуу катчысы,
Ибраимов С.К. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин “Бишкек-Ош” автожолун реабилитациялоо”
үчүнчү долбоорунун долбоорлорду ишке ашыруу тобунун
директору.
2. Жумушчу комиссия үч жумалык мөөнөттө Ташкөмүр-Кербен автомобиль
жолуна жакын жайгашкан Жалалабат облусунун Аксы районунун Тегене
айылындагы үй курулуштарынын абалы жөнүндө маселени изилдесин жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү корутунду киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр А. Атамбаев