Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 18-сентябры № 518-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 22-июнундагы № 181-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Негизги соода өнөктөш-өлкөлөр менен Кыргыз Республикасынын тышкы
соодасы боюнча статистикалык маалыматтардагы айырмачылыктардын себебин
аныктоо, экспорттук-импорттук операциялардын эсебин алууну жакшыртуу
максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда Ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү
жана соода министринин орун басары, комиссия-
нын төрагасы;
Сыргабаев Б.Э. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрли-
гинин Эл аралык экономикалык кызматташтык де-
партаментинин директорунун кењешчиси;
Байтакова М.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы коми-
тетинин Кирешелер жана статистика башкы баш-
кармалыгынын статистика бөлүмүнүн начальниги;
Кененбаева Г.А. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар
боюнча мамлекеттик комитетинин кирешелер баш-
кармалыгынын талдоо бөлүмүнүн начальниги;
Ким Ц.Г. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика ко-
митетинин тышкы экономикалык иштердин статис-
тикасы бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Бердигулова А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм
балансы жана тышкы карыз бөлүмүнүн начальниги
(макулдашуу боюнча);
Тойчубекова С.Т. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү
жана соода министрлигинин тышкы соода жана ры-
нок коньюнктурасын талдоо бөлүмүнүн башкы ади-
си;
Шаршенбекова Г.М. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
макроэкономикалык саясат башкармалыгынын же-
тектөөчү адиси;
Абдылдаев М.Ш. - "GSL Kyrgyzstan" предметтик номерлөө ассоциа-
циясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Асанов С.Ж. - "Легпром" ассоциациясынын президенти (макулда-
шуу боюнча);
Карчин Ю.А. - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палата-
сынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Кадырканова И.О. - Кыргыз Республикасында сооданы илгерилетүү
программасынын улуттук менеджери (макулдашуу
боюнча).
2. Ведомстволор аралык комиссия:
- негизги соода өнөктөш-өлкөлөр менен (Кытай Эл Республикасы, Рос-
сия Федерациясы, Казакстан Республикасы жана башкалар) "күзгүдөй ста-
тистика" ыкмасы менен тышкы сооданын бажылык статистикасынын маалымат-
тарын салыштыруу жүргүзүү үчүн таасирдүү механизмин иштеп чыксын;
- жасалган иштердин натыйжалары жөнүндө 2007-жылдын 1-ноябрына
чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат
беришсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасына тийиштүү министрлик-
тердин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттердин, администраци-
ялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, ошондой
эле башка уюмдардын (макулдашуу боюнча) адистерин зарыл учурларда ишке
тартууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов