Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 16-июлу № 215-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасында (Бишкек шаарында) 2007-жылдын 16-августунда
Шанхай кызматташтык уюмуна (мындан ары - ШКУ) мүчө мамлекет башчылары-
нын кењешинин алдыдагы заседаниесине байланыштуу жана ШКУга мүчө
өлкөлөргө - Россия Федерациясына, Кытай Эл Республикасына, Өзбекстан
Республикасына жана ШКУдагы байкоочу өлкө - Индия Республикасына Кыргыз
Республикасынын тышкы карызын эсептен чыгаруу, реструктуралаштыруу жана
жењилдетүүнүн башка варианттарын колдонуу маселелери боюнча сунуштарды
даярдоо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы
түзүлсүн:
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, ко-
миссиянын төрагасы;
Кулубаев Ж.М. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрли-
гинин Эл аралык экономикалык кызматташтык де-
партаментинин директору, өзгөчө тапшырмалар
боюнча элчи, комиссиянын төрагасынын орун ба-
сары.
Комиссия мүчөлөрү:
Өскөмбаев А.К. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү
жана соода министринин орун басары;
Макаров А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү баш-
каруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы-
нын орун басары;
Абдыбалы тегин - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төра-
Суеркул гасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Абдуразаков Э.С. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
мамлекеттик карыз жана активдер башкармалыгы-
нын начальниги;
Сейткасымова Р.Р. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын финан-
сылык статистика жана обзор башкармалыгынын
начальниги (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия ШКУга мүчө өлкөлөргө Рос-
сия Федерациясына, Кытай Эл Республикасына, Өзбекстан Республикасына
жана ШКУдагы байкоочу өлкө - Индия Республикасына Кыргыз Республикасы-
нын тышкы карызын эсептен чыгаруу, реструктуралаштыруу жана жењилдетүү-
нүн башка варианттарын колдонуу маселелери боюнча үч жумалык мөөнөттө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу комиссияга аткаруу бийлик органда-
рынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке
тартууга, ошондой эле мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтарды сурап
алууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитет-
теринин жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилери ведомстволор
аралык жумушчу комиссиянын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын финансы-экономика башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министри А.Атамбаев