Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 20-июлу № 223-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын16-мартындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюшту-руу чаралары жөнүндө" Жарлыгына ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-мартындагы № 110-ббуйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Чек ара маселелери боюнча Өкмөттүк комиссия жөнүндө тиркелгенжобо бекитилсин"; - жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Чек ара маселелери бо-юнча Өкмөттүк комиссия жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана то-луктоолор киргизилсин: - бүткүл текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Премьер-министрининАппаратынын реформаларды, мамлекеттик программаларды жана долбоорлордуукуктук жактан камсыздоо башкармалыгынын мамлекеттер аралык чегаралыкмаселелерди укуктук жөнгө салуу бөлүмү" деген сөздөр "Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмү" деген сөз-дөргө алмаштырылсын; - 5-пунктунда: "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси ми-нистри", "Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистри", "Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри","Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегаралык аскер-леринин командачысы (макулдашуу боюнча)" деген сөздөр тиешесине жараша"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр", "КыргызРеспубликасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри", "Кыргыз Рес-публикасынын финансы министри", "Кыргыз Республикасынын Чек ара кызма-тынын төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын; "Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы," деген сөз-дөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук ко-митетинин төрагасы," деген сөздөр менен толукталсын; Жобо төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын: "5-1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри комиссиянын курамынабашка адамдарды киргизүүгө укуктуу.". Премьер-министр А.Атамбаев