Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-июлу № 231-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда соо-да-экономикалык байланыштарды кењейтүү жана чыњдоо, экономикалык өнөк-төштүктүн жањы формаларын өнүктүрүү, Россиянын рынокторунда кыргыз то-варларын көбөйтүү жана Россия Федерациясында кыргыз товарларынын турук-туу иштөөчү көргөзмө-жарманкелерин уюштуруу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-трлиги көргөзмө-жарманкелик иш-аракет жагындагы кызматташтык жана Рос-сия Федерациясында Кыргыз Республикасынын көргөзмө-коммерциялык өкүлчү-лүгүн уюштуруу жөнүндө "Бүткүл россиялык көргөзмө борбору" мамлекеттикакционердик коому" ачык акционердик коому (мындан ары "БРКБ" МАК" ААКы)менен белгиленген тартипте макулдашуу түзсүн. 2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары, Кыргыз Респуб-ликасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги, КыргызРеспубликасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Рес-публикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттикагенттик, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы (макулдашуубоюнча) Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-трлиги менен бирдикте "БРКБ" МАК" ААКынын павильонунда товарлардын жанакызмат көрсөтүүлөрдүн көргөзмө-жарманкелерине катышуу үчүн жергиликтүүтовар өндүрүүчүлөрдү тартуу боюнча иштерди жүргүзүшсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-нистрлиги жасалган иштер тууралуу 2007-жылдын 1-октябрына чейинкимөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат берсин. 4. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы соода өкүлчүлүгү"БРКБ" МАК" ААКынын павильонунда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүнкөргөзмө-жарманкелерин уюштуруу жөнүндө квартал сайын Кыргыз Республи-касынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине маалымат бериптурсун. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-октябрындагы N535-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын. 6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев