г.Бишкек, Дом Правительстваот 30 июля 2007 года № 238-р КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуу Атамекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына бир жолку колдоо акциясын өткөрүү жөнүндө» 2007-жылдын 16-июнундагы №312 Жарлыгына ылайык: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен Улуу Атамекендик согуштун катышуучуларынын жана майыптарынын 2007- жылдын августунан тартып декабрына чейинки мезгилде «Эркинтоо», «Кыргыз Туусу» жана «Слово Кыргызстана» гезиттерине акысыз жазылуулары үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигин каржылоого керектүү акча каражатын тапсын жана белүп берсин; - белгиленген тартипте «Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин. 2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Улуу Атамекендик согуштун катышуучуларынын жана майыптарынын «Эркинтоо», «Кыргыз Туусу» жана «Слово Кыргызстана» гезиттерине жазылуулары жана аларга ушул басылмаларды жеткирүү боюнча уюштуруу маселелерин чечишсин. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Басма сөз кызматына жүктөлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев