Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 29-декабрындагы № 695-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 7-августу № 248-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жањыдан түзүлгөн Кесип-тик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттикти имарат мененкамсыздоо, ошондой эле Бишкек шаарында жайгашкан N 4 жана 5 кесиптиклицейлердин имараттарын окуу жайлар тарабынан максаттуу пайдалануу ма-селелерин чечүү максатында: 1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн: Иминов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы; Мураталиев Б.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү баш- каруу боюнча мамлекеттик комитетинин Мамлекет- тик мүлк фондунун директорунун орун басары, ко- миссиянын төрагасынын орун басары. Комиссия мүчөлөрү: Черноморец В.В. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башка- руучусунун орун басары (макулдашуу боюнча); Боронов А.А. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Абылкасымов Т.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн экс- перти, комиссиянын катчысы. 2. Ведомстволор аралык комиссия эки жумалык мөөнөттө Бишкек шаа-рында жайгашкан N 4 жана 5 кесиптик лицейлердин имараттарын окуу жайлартарабынан пайдалануу маселелерин изилдеп чыксын жана Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнө көрсөтүлгөн имараттарды андан ары максаттуу пайдалануубоюнча сунуштарды киргизсин. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ви-це-премьер-министри Нур уулу Досболго жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев