Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 7-августу № 249-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын объектилеринкоргоо максатында, ошондой эле Талас облусунун Талас районундагы "МанасОрдо" Кыргыз улуттук комплексинин аймагындагы "Кароол-Дөбө" тоосунунэтегинде жүргүзүлүп жаткан казуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Мада-ният жана маалымат министрлигинин корутундусун эске алуу менен: 1. "Манас Ордо" Кыргыз улуттук комплекси "Манас Ордо" Кыргыз улут-тук комплексинин аймагындагы "Кароол-Дөбө" тоосунун этегиндеги мынданаркы казууларды токтотсун. 2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги Кыр-гыз Республикасынын аймагында жайгашкан өзгөчө корголуучу объектилердеархеологиялык казуулардын жүргүзүлүшүн өзгөчө контролдукка алсын. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнөжүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев