Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын
атайын эсебине түшүүсүнө байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын аскер кызматчыларынын социалдык-тиричилик шартта- рын жакшыртуу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "КыргызРеспубликасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына "Имараттар жана курулмалар" статьясы боюнчаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын
атайын каражаттарынын киреше жана чыгаша бөлүгүн 24 миллион сом сум- масына көбөйтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кароочу мыйзам дол- боорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.(2010-жылдын 28-январындагы №40 токтомунун редакциясына ылайык) 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы: - түшкөн каражаттардын эсебинен каржылоо үчүн курулушобьекттеринин тизмесин даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнбекитүүсүнө берсин; - курулуш-монтаждоо жумуштарын сатып алууну «Мамлекеттик сатыпалуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайыкишке ашырсын; - көрсөтүлгөн каражаттарды максаттуу багыты боюнча гана пайдалансын. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнін Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана коопсуздукбөлүмүнө жуктөлсүн. Премьер-министр А. Атамбаев