Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 10-августу N 264-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республика-сынын Генералдык штабынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын КуралдууКүчтөрү үчүн финансылык жардам берүү жөнүндө протоколдун тиркелген дол-боору мүмкүн болгон принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толук-тоолорду эске алуу менен жактырылсын. Премьер-министр А.Атамбаев Долбоор Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Генералдык штабынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн финансылык жардам берүү жөнүндө ПРОТОКОЛ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Коргоо ми-нистрлиги жана Түркия Республикасынын Генералдык штабы Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кай-тарымсыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуунун алкагында берилүүчү фи-нансылык жардамды пайдалануу тууралуу төмөнкү статьялар боюнча макул-дашты: 1-статья. Максаты Бул Протоколдун максаты болуп Түркия Республикасы тарабынан КыргызРеспубликасынын Коргоо министрлигине берилүүчү АКШ доллары эквивален-тиндеги 136000 (жүз отуз алты мињ) түрк лири суммасына финансылык жар-дам көрсөтүүнү ишке ашыруунун негизги багыттарын аныктоо саналат. 2-статья. Алкактары Түркия тарабынан берилип жаткан финансылык жардам төмөнкү иш чара-ларды каржылоо үчүн пайдаланылат. 1. Тынчтык үчүн өнөктөштүк (ТҮӨ) программасынын алкагында КыргызРеспубликасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларынын Терроргокаршы күрөштү өркүндөтүү борборундагы курстарга катышууга кеткен чыгым-дарды. 2. Эки тараптуу мамилелерди өркүндөтүү жана ТҮӨ НАТО иш чараларынакатышуу максатында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскеркызматчыларынын Түркияга иш сапарларда болуусуна кеткен чыгымдарды. 3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинен байланыш офицери-нин Монс/Бельгия шаарында НАТОнун Өнөктөштүктүн координациялык ячейка-сында (ӨКЯ) болууга кеткен чыгымдарды. 4. Башка муктаждыктарга болгон чыгымдарды. 3-статья. Ишке ашыруу принциптери Финансылык жардамды ишке ашыруу принциптери төмөнкүдөй аныкталат: 1. АКШ доллары эквивалентиндеги 34000 (отуз төрт мињ) түрк лириКыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларынын Тер-рорго каршы күрөштү өркүндөтүү борборундагы курстарга жана ТүркиядагыТынчтык үчүн өнөктөштүк (ТҮӨ) программасынын Окуу борборунун курстарынакатышуу менен байланышкан чыгымдарды төлөө үчүн төмөнкү принциптер бо-юнча бөлүнөт: а) Бөлүнүүчү акча каражаттары кыргыз аскер кызматчыларынын курс-тарга катышуусуна, авиабилеттерди, тамактануусун, жайгашуусун жана баш-ка чыгымдарын төлөө үчүн колдонулат. б) Курстарга талапкерлерди тандоо боюнча иш чараларды пландоо жылсайын белгиленген тартипте өткөрүлөт жана Кыргыз Республикасынын Коргооминистрлигинин муктаждыктары бөлүнүүчү каражаттардан тышкары канааттан-дырылбаса, Түркиянын Генералдык штабы зарыл болгон чараларды көрөт. 2. АКШ доллары эквивалентиндеги 34000 (отуз төрт мињ) түрк лиритараптар ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү максатында Кыр-гыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана анын Түркиядагы аскеркызматчыларынын чыгымдарын төлөө үчүн бөлүнүп берилет. Бул акча кара-жаттарын ишке ашыруу принциптери Кыргыз Республикасынын Коргоо министр-лиги тарабынан аныкталат. 3. АКШ доллары эквивалентиндеги 51000 (элүү бир мињ) түрк лириКыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинен байланыш офицеринин НАТО-нун Өнөктөштүктүн координациялык ячейкасында (ӨКЯ) болуусуна кеткен чы-гымдарды төлөө үчүн бөлүнүп берилет. Бөлүнгөн акча каражаттары Кыргыз Республикасынын байланыш офицери-нин муктаждыктары үчүн төмөнкүдөй колдонулат: а) турак-жайды жана офисти ижарага алуу б) оњдоо жана тейлөө в) телефон жана факс г) кењсе буюмдары д) башка чыгымдар. 4. АКШ эквивалентиндеги 17000 (он жети мињ) түрк лири ушул Прото-колду ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болуучу башка муктаждыктарга бөлү-нөт. 5. Түркия Республикасы финансы каражаттарын Түркиянын Бишкек шаа-рындагы Аскер Атташеси тарабынан көрсөтүлгөн банк эсебине которот. Булакча каражаттарын колдонуунун тартиби Түркиянын Бишкек шаарындагы АскерАтташеси тарабынан белгиленет. 6. Зарыл болгон учурда акча каражаттарын которуу Түркия Республи-касынын Генералдык штабы тарабынан жүзөгө ашырылат. 4-статья. Оњдоолор жана кайра кароо Тараптардын өз ара макулдугунда бул Протоколго анын ажырагыс бөлү-гү болуп эсептелген жана бул Протоколдун 6-статьясы менен белгиленгентартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү оњдоолоржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Бул Протоколду ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон талаш-тартыш-тар жана пикир келишпестиктер талкуулоо жана сүйлөшүү жолу аркылуу че-чилет. 5-статья. Колдонуу мөөнөтү Бул Протокол Түркия Республикасынын Генералдык штабы Кыргыз Рес-публикасынын Коргоо министрлигин финансылык каражаттарды которуу боюнчааракеттер аяктагандыгы жөнүндө билдирген учурдан тартып финансылык жар-дамдын булактарын толугу менен колдонгонго чейин күчүндө болот. 6-статья. Бекитүү жана күчүнө кирүүсү Бул Протокол Түркия Республикасынын Өкмөтү бекиткен күндөн тартыпкүчүнө кирет. 7-статья. Тексттер жана кол коюу Бул Протокол кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде даярдалды.Бул Протоколду талкуулоодо келишпестиктер болгон учурда Тараптар англистилиндеги тексти жетекчиликке алышат. 2007-жылдын "________" ___________ Анкара шаарында Түркиядатүзүлдү. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн Генералдык штабы үчүн