Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 13-августу N 276-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өк-мөтүнүн ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макул-дашуунун долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу оњдоолордужана толуктоолорду эске алуу менен; - Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министр-лигине караштуу Улуттук госпиталдын дарылоочу корпусунун жањы имаратынкуруу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн Кытай Эл Республикасынын Өкмө-түнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө акысыз жардам көрсөтүүсү жөнүндөКыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүнортосундагы макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Коммерция ми-нистрлигинин катына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигининжооп катынын долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу оњдоо-лорду жана толуктоолорду эске алуу менен. Премьер-министр А.Атамбаев Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүэки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана техникалык-экономикалыккызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында төмөнкүлөр жөнүндө ушулМакулдашууну түзүштү: 1-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча Кытай Эл Республи-касынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө алтымыш миллион кытайлыкюаны өлчөмүндөгү акысыз жардам көрсөтүүгө макул болду. 2-статья. Жогоруда көрсөтүлгөн акысыз жардам Кыргыз Республикасынын Саламат-тык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталынын дарылоочу корпу-сунун жањы имаратын куруу боюнча долбоорго жана эки тарап макулдашканбашка долбоорлорго багытталат. Тиешелүү конкреттүү шарттарды эки тарапкошумча макулдашууну түзүү аркылуу аныктайт. 3-статья. Бул Макулдашууну аткаруу боюнча эсептерди жүргүзүүнүн тиешелүүконкреттүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук бергенбанк менен Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ортосунда кошумчааныкталат. 4-статья. Бул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана экиөлкөнүн Өкмөттөрү ушул Макулдашууда каралган бардык милдеттенмелердитолугу менен аткарган күнгө чейин колдонулат. Бишкек шаарында 2007-жыл-дын "_____" __________ августунда эки түп нускада түзүлдү, ар бир та-рапта кыргыз, кытай жана орус тилдериндеги бирден нуска сакталат, мындабардык тексттер бирдей күчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн