Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 13-августу N 280-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мый-замсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыктыөнүктүрүү максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосунда Бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана пре-курсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө жана кыянаттык менен пайдаланууга кар-шы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Бањгизатка контролдук агенттигинин ди-ректоруна бул Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү кир-гизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюугаыйгарым укук берилсин. Премьер-министр А.Атамбаев Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө жана кыянаттык менен пайдаланууга каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-нен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү, эки мамлекеттин ортосундагы достукмамилелерди андан ары бекемдөө жана өнүктүрүү максатында, Бириккен Улуттар Уюму тарабынан иштелип чыккан принциптерди жанамаксаттарды Бањги каражаттары жөнүндө 1961-жылдагы Бирдиктүү Конвенция-ны 1972-жылдагы Протокол менен киргизилген кийинки өзгөртүүлөрү жанатолуктоолору менен, Психотроптук заттар жөнүндө 1971-жылдагы Конвенция-ны, Бањги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгөкаршы күрөшүү жөнүндө 1988-жылдагы Конвенцияны жетекчиликке алышып, эл аралык укуктун принциптерине, эл аралык келишимдер боюнча кабылалынган милдеттенмелерге негизденип, эгемендикти, тењдикти жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өз ара ур-маттоонун негизинде алардын мамлекеттеринде колдонулуучу мыйзамдар ме-нен эрежелерди сактоо менен, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты: 1-статья. Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына жана алар катышуучусу бо-луп саналган эл аралык келишимдердин жоболоруна ылайык бањги каражатта-рын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүнүнжана кыянаттык менен пайдалануунун алдын алуу жана ага бөгөт коюу,ошондой эле бањги каражаттарына жана психотроптук заттарга көз карандыболгон адамдарды дарылоо жана реабилитациялоо боюнча маселелерде бирге-лешип аракеттенишет. 2-статья. Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына жана алар катышуучусу бо-луп саналган эл аралык келишимдердин жоболоруна ылайык бањги каражатта-рын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду кыянаттык менен пайдала-нууну болтурбоо, бањги каражаттарына жана психотроптук заттарга көз ка-ранды болгон адамдарды дарылоо жана реабилитациялоо боюнча макулдашыл-ган иш-аракеттерди жана пландарды ишке ашырууга күч аракет жумшашат. 3-статья. Тараптардын компетенттүү органдары зарыл учурларда төмөнкүдөй маа-лыматтарды алмашат: 1. Бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлордумыйзамсыз жүгүртүүнүн аныкталган фактылары же ага карата аракеттер жө-нүндө. 2. Бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлордумыйзамсыз жүгүртүүнү жашыруунун алардын транзити учурунда колдонулуучуыкмалары, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз иш-аракеттердианыктоо жана ага бөгөт коюу методдору жөнүндө. 3. Бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлордумыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар аныкталган кылмыштык топтор, ошондойэле аларды алып өтүүнүн аныкталган туруктуу маршруттары жөнүндө. 4. Мамлекеттик жана башка мыйзам менен корголуучу сырды камтыганмаалыматтардан тышкары Тараптардын ар бири үчүн өз ара кызыкчылык туу-дурган башка маалыматтарды. 4-статья. Тараптар жарыялоолорду, илимий-методикалык маалыматтарды, ошондойэле төмөнкү маселелер боюнча нормативдик укуктук актыларды алмашат: 1. Бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлордумыйзамсыз өндүрүүнү жана жүгүртүүнү тергөө, аныктоо жана бөгөт коюу. 2. Бањги каражаттарына, психотроптук заттарга көз каранды болгонадамдарды дарылоо жана реабилитациялоо. 5-статья. Тараптардын жана алардын компетенттүү органдардын өкүлдөрү бул Ма-кулдашуунун алкагында биргелешип аракеттенишет жана төмөнкүлөрдү жүргү-зө алышат: 1. Бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлордумыйзамсыз өндүрүүгө жана жүгүртүүгө каршы күрөшүүнү профессионалдыкдењгээлди жогорулатуу максатында тажрыйба алмашуу үчүн адистерди жанастажерлорду жиберишет. 2. Наркоманиянын проблемалары менен иш жүргүзүшкөн мекемелер мененуюмдардын иш аракети менен таанышуу, иш тажрыйбасын өз ара үйрөнүү үчүнжумушчу жолугушууларды өткөрөт, делегацияларды жиберишет. 3. Бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлордумыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн укук колдонуу практикасын бирге-лешип үйрөнүү жана жүргүзүү, иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү, аныничинде семинарларды жана кыска мөөнөттүү даярдоону уюштуруу, биргелеш-кен программаларды иштеп чыгуу, ошондой эле бул тармактагы кызматташ-тыктын нормативдик укуктук базасын түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууиштерин жүргүзүшөт. 6-статья. Тараптар бањги каражаттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүр-түүгө катышкан адамдарды аныктоо, ошондой эле аларды кылмыш-жазыктыккуугунтуктоо максатында контролдонуучу берүү методун өз мамлекеттерининулуттук мыйзамдарынын чегинде өз ара алгылыктуу келишимдердин негизиндетийиштүү пайдаланууну караштырган зарыл чараларды көрүшөт. 7-статья. Тараптар бањги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсор-лорду мыйзамсыз өндүрүүнү жана жүгүртүүнү токтотуу боюнча өз ара байла-нышта аракеттенүүнү кењейтүү, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Бањ-ги каражаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармасы, Шанхай кызматташтыкуюму, Интерпол жана Дүйнөлүк бажы уюму аркылуу кењейтүү мүмкүндүгүн ка-рай алышат. 8-статья. Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында натыйжалуу кыз-матташууну камсыздоо үчүн компетенттүү ведомстволордун ортосунда тикебайланыштын каналын аныкташат. Бањги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мый-замсыз жүгүртүүгө жана кыянат пайдаланууга тиешелүү маалыматтар, ошон-дой эле ага байланыштуу архивдик материалдар жазуу жүзүндө берилүүгөтийиш. 9-статья. Эгер ачыкка чыгарылбоо керек деп эсептешсе, Тараптардын ар бирибашка Тарап берүүчү маалыматтардын жана материалдардын жашырындыгынкамсыздашат. Ушул Макулдашууга ылайык берилген информация, цифралык маалымат-тар, материалдар, техникалык каражаттар башка Тараптын макулдугусузүчүнчү Тарапка өткөрүп берилиши мүмкүн эмес. 10-статья. Тараптардын ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу үчүн компе-тенттүү органдары төмөнкүлөр болушат: кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Бањгизатка контролдукагенттиги, кытай Тараптан - Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук ми-нистрлиги. 11-статья. Тараптардын компетенттүү органдарынын уруксатына ылайык компетент-түү ведомстволордун алдындагы коњшулаш провинциялык (облустук) органдарушул Макулдашуунун негизинде конкреттүү кызматташтыкты жүргүзө алышат. 12-статья. Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу менен өзгөртүүлөр жетолуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүболуучу өзүнчө протоколдор менен таризделет. 13-статья. Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекетичиндеги жол-жоболорду аткарышканы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы бил-дирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жыл бою жарактуу бо-лот. Эгер бул Макулдашуунун кезектеги жарактуулук мөөнөтү бүтөөрдөн ал-ты ай мурда Тараптардын эч бири анын жарактуулугун токтотуу ниети жө-нүндө башка Тарапка жазуу жүзүндө кабарлабаса, анын жарактуулугу кийин-ки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн өзү узартыла берет. ____________ шаарында 2007-жылдын "________" ______________ экитүп нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү жанабардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорунчечмелөөдө пикир келишпестиктер болсо орус тилиндеги текстке артыкчылыкберилет. Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн