Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 10-августу № 263-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өк-мөтүнүн ортосундагы Акысыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуунун тир-келген долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ый-гарым укуктуу Элчисине сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жогоруда аталганМакулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Акысыз аскердик жардам жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүилгертен келаткан достук байланыштарга таянып, 2000-жылдын 15-июнундагы Билим берүү, илим жана техника жаатындааскердик кызматташтык жөнүндө келишимге жана 1993-жылдын 3-мартындагыКыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүнортосундагы Аскердик билим берүү боюнча кызматташуу жөнүндө келишимгешилтеме жасап, аскердик кызматташтыкты терењдетүү жана Кыргыз Республикасынын Ку-ралдуу Күчтөрүн реформалоого көмөк көрсөтүү максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Бул Макулдашуунун алкагында Түркия Республикасынын Өкмөтү КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө АКШ доллары эквивалентинде 1326000 (бир милли-он үч жүз жыйырма алты мињ) түрк лири өлчөмүндө грант бөлүп берет. Булгрантты иштетүү 2007-жылдан башталат. 2-статья. Бул Макулдашуунун алкагында бул гранттын АКШ доллары эквивалентин-деги 1190000 (бир миллион жүз токсон мињ) түрк лири материалдар жанакызмат көрсөтүүлөр түрүндө берилет, ал эми АКШ доллары эквивалентиндеги136000 (жүз отуз алты мињ) түрк лири Түркия Республикасынын мыйзамдары-на ылайык накталай акча каражат түрүндө берилет. 3-статья АКШ доллары эквивалентиндеги 1326000 (бир миллион үч жүз жыйырмаалты мињ) түрк лири өлчөмүндөгү грант финансылык жардам берүү жөнүндөжана материалдык-техникалык жардам берүү жөнүндө протоколдорго ылайыкбөлүнүп берилет, аларга ушул Макулдашууга шилтеме жасоо менен эки өлкө-нүн ыйгарым укуктуу адамдары ортосунда дагы кошумча кол коюлат. Макул-дашууну ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Рес-публикасынын Коргоо министрлиги тарабынан жана Түркия РеспубликасынынӨкмөтүнүн атынан Түркия Республикасынын Генералдык штабы тарабынан жүр-гүзүлөт. 4-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Түркия Республикасынын алдын ала ма-кулдугу болмоюнча материалдык каражаттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү,ошондой эле аларды пайдалануу укугун башка өлкөгө же үчүнчү тарапкабербөөгө милдеттенет. 5-статья. Бул Макулдашуу Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилгенкүндөн тартып күчүнө кирет жана бардык материалдык каражаттар жана кыз-мат көрсөтүүлөр Материалдык-техникалык жардам берүү жөнүндө протоколдокөрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамдык бөлүк-төрүнүн балансынан чыгарылмайынча күчүндө болот. 6-статья. Акысыз жардам жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнатынан Коргоо министрлиги тарабынан жана Түркия Республикасынын Өкмөтү-нүн атынан - Генералдык штаб тарабынан аткарылат. Бул Макулдашууну аткаруу боюнча бардык талаштар түз сүйлөшүүлөржолу аркылуу чечилет. Бул Макулдашуу кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде даярдал-ды. Бул Макулдашууну чечмелөөдө айырмалар болгон учурда Тараптар англистилиндеги текстке таянышат. 2007-жылдын "_________" _______________ Түркияда Анкара шаарындатүзүлдү. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн