Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 25-сентябры № 360-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618"Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипкекелтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык: 1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-рлигине караштуу Мамлекеттик фельдъегерлик кызматка: - "РАФ 2203" маркасындагы, 1989-жылы чыгарылган, шасси № 194458,кузов N 194458, "ГАЗ 24" маркасындагы, 1981-жылы чыгарылган, шасси №0708818, кузов № 69996 жана "ВАЗ 21013" маркасындагы, 1983-жылы чыга-рылган, кузов № 4250210 атайын автомашиналарды аныкталган тартипте са-тууга; - жогоруда көрсөтүлгөн автомобилдерди сатуудан алынган каражаттынжана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги-не караштуу Мамлекеттик фельдъегерлик кызматтын атайын эсебиндеги кара-жаттардын эсебинен үч атайын автомобиль транспорт сатып алууга уруксатберилсин. 2. Автотранспорт сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылсын. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнөтапшырылсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев