Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 17-сентябры № 344-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-июлундагы № 213-ббуйругуна ылайык, автотранспорт каражаттарынын ээлерин каттоочу номер-дик белгилер менен камсыз кылуу максатында: 1. Автотранспорт каражаттары үчүн каттоочу номердик белгилерди да-ярдоочуну жана берүүчүнү аныктоого тендердин натыйжалары бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттикавтомобилдик инспекция башкармалыгы тендердин жењүүчүсү "Бишкек" ЭЭЗи-нин "Анкер" ЖЧКсы менен автотранспорт каражаттары үчүн каттоочу номер-дик белгилерди даярдоого жана берүүгө тиешелүү контракт түзсүн. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдарбөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А. Атамбаев