Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 28-сентябры № 365-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө байланыштуу: 1. 2007-жылдын 1-октябрынан баштап улгайган адамдарга социалдыкколдоо көрсөтүүнүн бир айлыгы жарыялансын. 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик ад-министрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигининтүрүнө карабастан ишканалар менен уюмдардын жетекчилери төмөнкүдөй чаракөрүшсүн: - улгайган жарандарга кышка отун сатып алууга, үйүн оњдоого мате-риалдык жардам берүүгө; - тиричиликтик тейлөө (бут кийимин оњдоо, химиялык тазалоо, киржууш, мончо, чачтарач ж.б.) кызматтарын акысыз көрсөтүүгө; - муктаж ул-гайган адамдар үчүн кайрымдуулук түштөндүрүү уюштурууга; - арзандатылган баа менен азык-түлүктөрдү, биринчи кезекте керек-телчү товарларды чекене сатуу боюнча жарманкелерди өткөрүүгө; - саламаттык сактоо мекемелеринде акысыз медициналык консультация-ларды берүү боюнча акцияларды өткөрүүгө; - медициналык себептери бар болсо муктаж майып пенсионерлерге жекежылып жүрүү каражаттарын (кресло-коляска) берүүгө; - театрдык-зоок иш-чараларга акысыз киргизүүгө. 3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларына төмөнкүлөр сунушталсын: - аз камсыз улгайган жарандарга моралдык колдоо көрсөтүү жана биржолку материалдык жардам берүү максатында кайрымдуулук акцияларын өткө-рүү; - пенсионерлердин коомдук уюмдарын тартуу менен Улгайган адамдар-дын эл аралык күнүн даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү; - кары-картањдар жана майыптар үчүн интернат үйлөргө каржылык жар-дам көрсөтүү. 4. Бишкек шаарынын мэриясы, Чүй облусунун мамлекеттик администра-циясы, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жанасоода министрлиги Бишкек шаарында азык-түлүк жана азык-түлүк эмес то-варларды улгайган адамдарга арзандатылган баалар менен сатууну уюшту-рушсун. 5. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги тө-мөнкүлөрдү уюштурууну жана өткөрүүнү камсыздасын: - пенсионерлердин кењири катышуусу менен региондордо маданий-мас-салык иш-чараларды; - Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте Бишкек шаарында өздүккөркөм чыгармачылыктын жана колдонмо көркөм өнөрдүн республикалык фес-тивалын. 6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кары-картањдар жанамайыптар үчүн интернат үйлөрдү 2007-жылга республикалык бюджетте беки-тилген каражаттардын чегинде өз убагында жана толук каржылоону камсыз-дасын. 7. Кыргыз Республикасында кайрымдуулук иш жүргүзүшкөн юридикалыкжана жеке жактардын аз камсыз улгайган жарандарга гуманитардык жардамберүү боюнча демилгеси колдоого алынсын. 8. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына бардыкрегиондордо Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө жана бир айлыгына да-ярдануунун жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдырууну уюштуруу сунушталсын. 9. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев