Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 6-августу №247-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 4-июлундагы № 261 "Айыл чарба продукциясын даярдоо, кайраиштетүү жана сатып өткөрүү жагындагы кырдаалды жакшыртуу боюнчачаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, ошондой эле "Кыргызресурстары"мамлекеттик ишканасы менен Россия Федерациясынын Мамлекеттик резервдербоюнча федералдык агенттигинин ортосундагы узак мөөнөттүүмакулдашууларды ишке ашыруу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соодаминистрлиги жана Кыргыз Республикасыныи Тышкы иштер министрлиги өзыйгарым укуктарынын чегинде "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасынаКыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын мамлекет башчыларынынортосунда өз ара пайдалуу экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жаначыњдоо багытында жетишилген келишимдерди аткарууга көмөк көрсөтүшсүн. 2. "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы: - Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги жана РоссияФедерациясынын Мамлекеттик резервдер боюнча федералдык агенттиги мененКыргыз Республикасынан Россия Федерациясына айыл чарбалык продукция,ошондой эле аны иштетүүнүн продуктуларын беруу жөнүндө сүйлөшүүлөрдүжүргүзсүн жана тийиштүү контракттардын долбоорлорун КыргызРеспубликасынын өкмөтүнүн кароосуна жактыруу үчүн киргизсин; - айыл чарбалык продукция, ошондой эле аны иштетүүнүн продуктуларынкамдоону уюштурсун жана тузулгөн контракттарга ылайык аларды РоссияФедерациясына экспорттосун; - Кыргыз Республикасыныи Айыл, суу чарба жана кайра иштететүү өнөржай министрлигине түзүлгөн контракттарга ылайык айыл чарбалыкпродукция берүүлөрдүн ассортименти жана көлөмү жөнүндө маалыматберсин. 3.Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялыкведомстволор, мамлекеттик ишканалар, жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары"Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасына айыл чарбалык продукцияныкамдоого жана экспорттоого ар тараптуу жардам жана кодоо көрсөтүшсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-апрелиндеги № 149-6 буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин. 5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылыштыпайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев