Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 13-августу № 277-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Жаныбарлардын ден соолугу жана карантини, жугуштуу оорулардын пай-да болушун жана жайылышын болтурбоо, жаныбарларды жана малдан алынуучуазыктарды сатууда ветеринардык-санитардык чараларды шайкеш келтирүү жа-гында Кытай Эл Республикасы менен кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыњдоомаксатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосунда Жаныбарлардын ден соолугу жана карантини жагындагыкызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрине көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү түзө-түүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынанкол коюуга ыйгарым укук берилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Жаныбарлардын ден соолугу жана карантини жагындагы кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү(мындан ары "Макулдашуучу Тараптар" деп аталышат) жаныбарлардын денсоолугу жана жаныбарларды жана жаныбарлардан алынуучу азыктарды сатуужагындагы кызматташтыкты чыњдоо, аймактан башка аймакка алып кирүү жаначыгарууда инфекциялык жана/же мите оорулардын алдын алуу, айыл чарба-нын, мал жана балык чарбачылыгынын коопсуздугун коргоону камсыздоо мак-сатында, ошондой эле адамдын саламаттыгын сактоо үчүн достук консульта-цияларды жүргүзүү жолу менен төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты: 1-статья. Бул Макулдашуунун максаттары үчүн пайдаланылган терминдер төмөнкү-лөрдү билдирет: Жаныбарлар - айыл чарба, үй жаныбарлары, зоопарктагы, цирктеги,лабораториялык жана жапайы жаныбарлар, ошондой эле териси баалуу айба-наттар, канаттуулар, балыктар, аарылар, фаунанын башка түрлөрү, инкуба-циялык жумурткалар, уруктандырылган икра, өндүргүчтөрдүн уругу жана эм-бриондор. Малдан алынуучу азыктар - жаныбарлардын жана канаттуулардын эти,алардан алынуучу эт азыктары, сүт жана сүт азыктары, жумуртка жана жу-муртка азыктары, балык жана дењиз азыктары, балык азыктары, балчылыказыктары, тери, жүн, кыл, баалуу ањ терилери, тыбыттар жана мамык, эн-докрин бездер, кан, сөөк, мүйүз, туяк жана жаныбарлардын башка продук-тылары. Жаныбарлардын генетикалык материалы - жаныбарлардын жањы же тоњду-рулган спермасы, жањы же тоњдурулган эмбриондор жана жаныбарларды кө-бөйтүүдө, өстүрүүдө колдонулуучу башка биоматериалдар. Эл аралык ветеринардык сертификат - Эл аралык эпизоотиялык бюронунсертификатынын үлгүсүнө ылайык даярдалган сертификат. 2-статья. Макулдашуучу Тараптар өзүнүн улуттук аймактарын жаныбарларды, жа-ныбарлардын генетикалык материалдарын, тоюттарды ошондой эле патогендикагенттер болушу мүмкүн болгон башка товарларды, продуктыларды, транс-портировкалоо каражаттарын, тањгактоо материалдарын, контейнерлерди им-порттоонун, экспорттоонун жана ташуунун натыйжасындагы эпизоотиялык оо-рулардан сактоодо кызматташышат. 3-статья. Макулдашуучу Тараптар Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жанакайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринариядепартаментине жана Кытай Эл Республикасынын Сапатты контролдоо, көзө-мөл жана карантин боюнча мамлекеттик администрациясына патогендик аген-ттерди камтышы ыктымалдуу жаныбарларды, жаныбарлардын генетикалык мате-риалдарын, жаныбарлардан алынуучу продуктыларды жана сырьену, тоютту,башка товарларды жана продуктыларды импорттоого, экспорттоого жанатранзиттөөгө карата ветеринардык санитардык талаптар боюнча протокол-дорду талкуулоого жана кол коюуга, тиешелүү эл аралык ветеринардык сер-тификаттардын үлгүлөрүн тастыктоого жана алмашууга ыйгарым укук бери-шет. Кол коюлган протоколдор Макулдашууга тиркелишет жана бул Макулда-шуунун ажыратылгыс бөлүгү катары каралат. 4-статья. Бир Макулдашуучу Тараптын аймагынан башка Макулдашуучу Тараптынаймагына экспорттолуучу, патогендик агенттерди камтышы мүмкүн болгонжаныбарлар, жаныбарлардын генетикалык материалдары, малдан алынганазыктар жана сырьелор жана тоюттар Макулдашуучу Тараптардын ар бирининмамлекеттеринин жаныбарлардын карантини жана ден соолугу жагындагыулуттук мыйзамдарына, импортер өлкөнүн администрациялык эрежелерине жа-на нускамаларына, Макулдашуучу Тараптардын кол коюлган тиешелүү ветери-нардык-санитардык протоколдорунун талаптарына ылайык келиши жана экс-портер-өлкөнүн расмий ветеринары тарабынан берилген эл аралык ветери-нардык сертификаттын оригиналы менен коштолуусу керек. Эл аралык вете-ринардык сертификаты англис тилинде жана экспорттогон жана импорттогонөлкөлөрдүн мамлекеттик/расмий тилдеринде жазылууга тийиш. 5-статья. Макулдашуу тарап экинчи бир Макулдашуучу тараптан импорттоолуучутирүү жаныбарларды, жаныбарлардын генетикалык материал, жаныбарларданалынуучу азыктарды жана сырьелорду, товарларды жана продуктуларды жаны-барлардын карантини жана ден соолугу, администрациялык эрежелер жананускамалар жагындагы өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык текшерүүжүргүзүүгө укуктуу. Ар бир Макулдашуучу тарап аныкталган жугуштуу пред-меттерди карантиндик иштетүү жүргүзүүгө укуктуу. Макулдашуу тараптардын бардыгы жаныбарлардын карантини жана денсоолугу, тиешелүү администрациялык эрежелер жана нускамалар жагындагыулуттук мыйзамдарга ылайык келбеген патогенди же ар кандай башка зыян-кечтерди же предметтерди аныктаганда ошол замат экинчи Макулдашуучу та-рапка кабарлайт. 6-статья. Макулдашуучу тараптар жаныбарларды сатуу, жаныбарлардын карантинижана ден соолугу жагындагы илимий иштеп чыгуулар, технологиялар чөйрө-сүндө маалыматтарды алмашуу, башкаруудагы кызматташтыкка төмөнкүлөр ар-кылуу көмөктөшөт: а) оорунун аталышын, оору жуккан жаныбарлардын түрүн жана санын,инфекциялардын очокторунун жайгашуусун, диагнозун кошо алганда Эл ара-лык эпизоотиялык бюро белгилеген "А" жана "В" инфекциялык оорулардынтизмелерин алардын аймактарында табылган фактылары жөнүндө табылганконтролдук иш-чаралар жөнүндө бири-бирине дароо билдирүү; б) Макулдашуучу тараптардын аймагында табылган, Эл аралык эпизоо-тиялык бюро белгилеген "В" тизмесине ылайык жаныбарлардын жугуштуу жанапаразиттик оорулары жөнүндө маалыматтарды ай сайын алмашуу; в) коњшулаш өлкөлөрдө болгон, Эл аралык эпизоотиялык бюро белгиле-ген, "А" тизмесинде көрсөтүлгөн жугуштуу оорулардык келишин четтетүүүчүн бири-бирине карата өлкө тарабынан көрүлгөн контролдоо чараларынбилдирүү; д) бул тармакта тажрыйба алмашуу үчүн Макулдашуучу тараптардынборбордук ветеринардык жана карантиндик кызматтары менен кызматташуу; е) семинарлар жана башка иш-чаралар аркылуу жаныбарлардын каранти-ни, ветеринария тармагындагы жетишкендиктерди алмашуу; f) жаныбарлардын карантин жана ден соолугу жагындагы мыйзамдар жө-нүндө маалыматтарды, карантиндик жана ветеринардык медицина боюнча мый-замдар, эрежелер менен нускамалар жөнүндө администрациялык эрежелерди,мезгилдүү басылмаларды, маалыматтарды өз ара берүү. 7-статья. Бул Макулдашууну аткаруу максатында Макулдашуучу тараптар төмөнкү-дөй компетенттүү органдарды дайындашат. - Кыргыз Республикасы жагынан: Кыргыз Республикасынын Айыл, суучарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Мамлекеттикветеринария департаменти; - Кытай Эл Республикасы жагынан: Кытай Эл Республикасынын Айылчарба министрлиги жана Кытай Эл Республикасынын сапатты контролдоо, кө-зөмөлдөө жана карантин боюнча мамлекеттик администрациясы. 8-статья. Бул Макулдашууну ишке ашыруу максатында кетүүчү чыгымдар төмөнкү-дөй булактардан жабылат: а) Макулдашууну аткаруу же башкаруу тажрыйбасын алмашуу маселесибоюнча ветеринардык жана карантиндик кызматтарынын ортосунда визиттердиуюштурууда жана эгерде Макулдашуучу бир тарап экинчи Макулдашуучу та-раптын адистерин же изилдөөчүлөрүн семинарларга жана башка илимий жолу-гушууларга катышуу үчүн чакырса эл аралык транспорттук чыгымдарын, жа-шоо жана башка жергиликтүү транспорттук чыгымдарын жиберүүчү Макулда-шуучу тарап төлөйт; б) маалыматтарды, журналдарды жана публикацияларды алмашууга бай-ланыштуу чыгымдар жиберүүчү тарап жагынан төлөнөт. 9-статья. 1. Бул Макулдашууну аткарууда жана чечмелөөдө келип чыгуучу аркандай талаш-тартыштар Макулдашуучу тараптардын компетенттүү органдарытарабынан талкууланат жана чечилет. 2. Макулдашуучу тараптардын компетенттүү органдары тарабынан че-чилбеген ар кандай талаш-тартыштар дипломатиялык каналдар боюнча сүйлө-шүүлөр аркылуу чечилет. 10-статья. Бул Макулдашуу Макулдашуучу тараптар катышуучулары болуп саналганбашка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу алардын укуктары менен мил-деттенмелерине тиешелүү болбойт. 11-статья. Макулдашуучу тараптар мамлекеттик ички жол-жоболорду бүтүргөндүгүтууралуу дипломатиялык каналдар боюнча жазуу түрүндө билдиришет. БулМакулдашуу акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган айдан кийинки айдынбиринчи күнүндө күчүнө кирет. Бул Макулдашуу 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Макулдашуучу тараптардынбири бул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети тууралуу экинчи Ма-кулдашуучу тарапка Макулдашууну колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин 6 аймурда билдирбесе анын колдонулушу кийинки 5 жылдык мезгилге өзүнөн өзүузартылат. Бишкек шаарында 2007-жылдын "________" ____________ эки нускада,ар бири кытай, англис, кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тек-сттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун текстин чечмелөөдө пикир келишпестиктер келипчыкса англис жана орус тилдериндеги текстке артыкчылык берилет. Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн