Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 7-майы УӨ № 70-а
2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуяларда Кыргыз Республикасынын экс-ички иштер министри М.Т.Конгантиев алган жаракаттын канчалык деңгээлде оор экендигин аныктоо максатында:
1.Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
-шашылыш тартипте 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуяларда Кыргыз Республикасынын экс-ички иштер министри М.Т.Конгантиев алган жаракаттын канчалык деңгээлде оор экендигин аныктоо боюнча адистерди, көз карандысыз эксперттерди, мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, укук коргоочу, коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн тартуу менен көрүнүктүү окумуштуулардан жана дарыгерлерден турган атайын коммиссия түзсүн;
-атайын комиссиянын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзсүн;
-атайын комиссияга алынган жаракаттын оордугун оперативдүү тартипте изилдөө жана анын жыйынтыгы боюнча сунуштары менен тиешелүү корутунда даярдоо тапшырылсын.
2.Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи Орун басары |
А.Атамбаев |