Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 21-сентябры N 356-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республика-сынын Генералдык штабынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын КуралдууКүчтөрү үчүн материалдык-техникалык жардам берүү жөнүндө протоколдунтиркелген долбоору жактырылсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев Долбоор Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Генералдык штабынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн материалдык-техникалык жардам берүү жөнүндө ПРОТОКОЛ Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Түркия Республика-сынын Генералдык штабы (мындан ары Тараптар деп аталышат) 2007-жылдын___________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы Акысыз аскердик жардам жөнүндө макулдашууну ишкеашыруу максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты. 1-статья. Бул Протоколдун максаты болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мененТүркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2007-жылдын ___________Акысыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуунун алкагында 2007-жылга кара-та материалдык-техникалык жардамдын долбоорлорун аныктоо эсептелет. 2-статья. Бул Протоколду аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдар болуп Кыр-гыз Республикасынын ушул Протоколдун 3-статьясынын 2-пунктундакөрсөтүлгөн мамлекеттик аскердик органдары (мындан ары - мамлекеттикаскердик органдар) жана Түркия Республикасынын Генералдык штабы эсепте-лет. 3-статья. 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы 2007-жылдын ___________ Акысыз аскердик жардамжөнүндө макулдашууга ылайык Түркия Республикасы мамлекеттик аскердикоргандарга АКШ доллары эквивалентиндеги 1.190.000 (бир миллион бир жүзтоксон мињ) жањы түрк лири көлөмүндөгү аскердик-техникалык жардамкөрсөтүүнү пландайт. 2. Бул сумманын алкагында төмөнкүдөй долбоорлор боюнча аскер-дик-техникалык жардам берилет: а) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн мүлк сатып алуу; б) Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясынын отрядын жабдуу; в) чегара заставасын жабдуу; г) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскериүчүн мүлк сатып алуу. 4-статья. 1. Ушул Протоколдун 3-статьясында көрсөтүлгөн долбоорлорду ишкеашыруу үчүн сатып алынчу мүлктүн санын жана аталышын Тараптар биргеле-шип аныкташат. 2. Мамлекеттик аскердик органдардын согушка жарактуулугуна тааси-рин тийгизүүчү жабдууларды (автомобилдик техника, байланыш каражаттарыж.б.) түрк Тарап Түркиядан сатып алат. 3. Бул материалдык-техникалык жардам өзгөчө зарыл болгондон башкаучурларда арналышына жараша пайдаланылууга тийиш, курулуш жана ремонтүчүн, ошондой эле биринчи зарылдыктагы предметтерди сатып алуу үчүнпайдаланылбайт. Мында бул пункттун жоболорун сактоо жоопкерчилиги булмүлктөрдү алуучу мамлекеттик аскердик органдарга жүктөлөт. 4. Түрк Тарап сатып алуучу мүлк аныкталгандан кийин кыргыз Тарапмаалымдалат жана ал муктаждыктардын өздүк пландарын даярдайт. 5. Сатып алынган мүлк ушул Протоколдо көрсөтүлгөндөн башка максат-тарга пайдаланылбайт. Куралдын жана мүлктүн бардык түрлөрүн үчүнчү та-рапка, түзүмгө, уюмга өткөрүп берүү же мүлктү эсептен чыгаруу түрк Та-раптын макулдугу менен жүргүзүлөт. 6. Кыргыз Республикасынын аймагында бажы жол-жоболорун жүргүзүүүчүн жоопкерчилик бул мүлктөрдү алуучу мамлекеттик аскердик органдаргажүктөлөт. Түрк Тарап андай жол-жоболор үчүн финансылык жоопкерчилик ал-байт. 5-статья. 1. Бул Протокол Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2007-жылдын ___________ Акысыз аскердикжардам жөнүндө макулдашууга негизделет. 2. Бул Протоколго ар бири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдерин-деги эки нускада кол коюлду жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. БулПротоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болсо Та-раптар англис тилиндеги текстке таянышат. 3. Бул Протокол 2007-жылдын ___________ Анкара шаарында түзүлдүжана түрк Тараптын Протокол күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичин-деги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн кыргызТарап алган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн Генералдык штабы үчүн