Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 4-августундагы № 331-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2007-жылдын 3-сентябры № 312-б
Москва шаарында 1993-жылдын 12-мартында кол коюлган, Өнөр жай менчигин коргоо боюнча чаралар жана өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашуунун 1-статьясына жана 1994-жылдын 9-сентябрында кол коюлган Евразиялык патенттик конвенцияга ылайык:
Төмөнкүлөр дайындалсын:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын директору Кыргыз Республикасынын Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңешиндеги жана Евразиялык патенттик уюмунун Администрациялык кеңешиндеги (коомдук негизде) ыйгарым укуктуу өкүлү болуп;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын статс-катчысы Кыргыз Республикасынын Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңешиндеги жана Евразиялык патент уюмунун Администрациялык кеңешиндеги (коомдук негизде) ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын директорунун орун басары Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңешиндеги жана Евразиялык патент уюмунун Администрациялык кеңешиндеги (коомдук негизде) ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 10-июнундагы № 301-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-декабрындагы № 789-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 523-б буйругу.
Премьер-министр | А.Атамбаев |