Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 10-августу № 266-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Бишкек шаары, Жал кичи району, Ахунбаев көчөсү, 190 дарегинде жай-гашкан Педиатрия жана балдар хирургиясы улуттук борборунун курулушубүтпөгөн объектисин сатууну караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2004-жылдын 13-октябрындагы № 664-б буйругу "Саламаттык сактоо уюмдарыжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-статьясын жана "КыргызРеспубликасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын 14-статьясын бузуу менен кабыл алынгандыгынабайланыштуу: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-октябрындагы №664-б буйругунун колдонулушу жоюлсун жана ал күчүн жоготту деп табыл-сын. 2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыр-гыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик ко-митети: - ушул буйруктун 1-пунктунан келип чыгуучу зарыл чараларды көрүш-сүн; - өз чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтиришсин. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмү мененукуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев