Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 17-сентябры № 345-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Казакс-тан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосунда Кооптууөндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздукту камсыз кылуу жагындагыкызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгүөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен макулдук бе-рилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев Долбоор Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосунда Кооптуу өндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өзгөчөкырдаалдар министрлиги жана Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдарминистрлиги, өнөр жайлык коопсуздукту камсыз кылуу проблемаларынын маанилүүэкендигин жана кооптуу өндүрүштүк объекттерде иштеген жумушчулардынөмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугунун гарантияларын камсыз кылуу,ошондой эле калкты жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүн техногендикавариялардан коргоо максатында аларды чечүү зарылдыгын белгилешип, Бириккен Улуттар Уюмунун Европадагы Экономикалык Комиссиясынын1992- жылдагы "Өнөр жайдагы авариялардын трансчегаралык таасирижөнүндө" Конвенциясынын жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинекатышуучу мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн ортосунда 2001-жылдын 28-сентяб-рында түзүлгөн Кооптуу өндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздуктукамсыз кылуу жагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун жоболорункөњүлгө алышып, Тараптардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана терењде-түүгө умтулушуп, топтолгон тажрыйбаны жана илимий-техникалык жетишкен-диктерди өз ара пайдалуу шарттарда колдонуунун негизинде кооптуу өндү-рүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча коорди-нацияланган иш-аракеттерди жүргүзүү зарылдыгын жетекчиликке алышып, кооптуу өндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоожагында мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу маселесинде толукөз алдынчалыкка ээ болуу менен, ошондой эле өнөр жайлык коопсуздуктукамсыздоо тармагында укуктук жөнгө салууну жана мамлекеттик контролдутүзүүнүн улуттук принциптерине жана ыкмаларына негизденишип, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынынэкономикалык потенциалынын өсүшүн жогорулатуу максатында, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты: 1-статья. Тараптар кооптуу өндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздуктукамсыз кылуу жагындагы мамлекеттик контролдун жалпы ыкмаларын жанапринциптерин иштеп чыгышат. 2-статья. Тараптар кооптуу өндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздуктукамсыздоо жагында кооптуу өндүрүштүк объекттин иштөөсүнүн бардык этап-тарында өнөр жайлык коопсуздуктун талаптарын белгилөө, кооптууөндүрүштүк объекттерди декларациялоо жана декларацияны экспертизалоо,ошондой эле кооптуу өндүрүштүк объекттерде колдонулуучу техникалыктүзүлүштөрдү даярдоо, монтаждоо, жөнгө салуу, тейлөө жана оњдоо боюнчамакулдашылган иш жүргүзүшөт. 3-статья. Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында жүргүзүлгөн иштер жана жети-шилген илимий-техникалык натыйжалар тууралуу, эгерде аны берүүчү Тарапалардын жашырындуулугу тууралуу белгилесе, алынган документтердин жанамаалыматтардын жашырындуулугун камсыз кылышат. 4-статья. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга керектүүөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуу-нун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет. 5-статья. Ушул Макулдашууну колдонууга жана чечмелөөгө байланыштуу келип чы-гышы мүмкүн болгон талаш-тартыштарды Тараптар консультациялар жанасүйлөшүүлөр аркылуу чечишет. 6-статья. Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тарап-тардын бири экинчи Тараптан анын жарактуулугун токтотуу ниети жөнүндөжазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн тартып алты ай өткөнгө чейинкүчүндө болот. Бул Макулдашуунун жарактуулугун токтотуу ушул Макулдашуу токтотул-ганга чейин башталып жана ага ылайык жүргүзүлүп жаткан, анын жарактуу-лугу токтотулган учурга карата аяктала элек иштерге таасирин тийгиз-бейт. Бишкек шаарында 2007-жылдын "______" ______________ эки түп нуска-да ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттербирдей юридикалык күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө боюнча кайчы пикирлер болсоТараптар орус тилиндеги текстти пайдаланышат. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн үчүн