Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 15-сентябры № 341-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги мененТажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Башкы архив башкармалыгынынортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүүэмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү ме-нен макулдук берилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев Долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Башкы архив башкармалыгынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Маданиятжана маалымат министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө ка-раштуу Башкы архив башкармалыгы, эки мамлекеттин ортосундагы тарыхый жактан калыптанган достук ма-милени көњүлгө алуу менен 1999-жылдын 4-июнундагы Архив маалыматынан пайдалануу жаатында Көзкарандысыз мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз арааракеттенишүүлөрүнүн принциптери жана формалары жөнүндө макулдашуунужетекчиликке алып, эки өлкөнүн архив мекемелеринин ортосунда архив материалдарына өзара ачыктык жана жеткиликтүүлүк саясатын жүргүзүү менен жана өз аракызматташууга аракеттенип, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Тараптар ушул Макулдашууга, эки Тараптын мамлекеттеринин улуттукмыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республи-касы катышуучу болгон архив иши жаатындагы эл аралык келишимдерге ыла-йык өз ара пайда көрүүнүн жана тењчиликтин негизинде кызматташуунуөнүктүрүшөт. 2-статья. Тараптар архивдик материалдарды сактоо жана аларды калыбына келти-рүү чөйрөсүндөгү заманбап технологияларды пайдалануу, документтердинсакталуусун камсыз кылуу, аларды колдонуу, ошондой эле архив ишин маа-лыматташтыруу сыяктуу архивдердеги иштин негизги түрлөрүн уюштуруу таж-рыйбасын алмашат. 3-статья. Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын элдерининтарыхы боюнча маалыматтарды камтыган документтер менен улуттук архивфондуларын толуктоо максатында Тараптар бири-бирине архивдик документ-тердин көчүрмөлөрүн беришет. Көчүрмөлөрдү өз ара берүү эквиваленттикнегизде, акысыз, өзгөчө учурларда гана эки Тарапка тењ алгылыктуу кели-шимдик баада жүргүзүлөт. 4-статья. Тараптар архивдик документтерди биргелешип жарыялоону ишке ашыратжана макулдашылган тематика боюнча документтердин көргөзмөлөрүн уюшту-рат. 5-статья. Тараптар бири бирине архив ишинин ар түрдүү маселелери боюнча бир-гелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, симпозиумдарды жана семинар-ларды өткөрүүгө, илимий, окуу, усулдук жана нормативдик материалдардыдайыма алмашып турууга көмөк көрсөтүшөт. 6-статья. Тараптардын архив мекемелери өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттукмыйзамдарына ылайык, архив документтеринин негизинде экинчи Тараптынюридикалык жана жеке жактарынын суроо-талаптары боюнча социалдык-укук-тук мүнөздөгү маалыматтарды беришет. 7-статья. Тараптар региондук дењгээлде архив мекемелеринин ортосунда тажрый-ба жана маалымат алмашууну өнүктүрүшөт, ошондой эле өз ара негизде ар-хив адистерин бири-бирине жиберүүнү ишке ашырышат. 8-статья. Тараптар эл аралык архивдик уюмдардын ишине катышуу маселелери бо-юнча кызматташууну өнүктүрүшөт. 9-статья. Бул Макулдашуунун чегиндеги кызматташуу Тараптардын өз ара макул-дашуусу менен ишке ашырылуучу архив иши жаатындагы байланыштардын бөлөктүрлөрүнө тоскоолдук кылбайт. 10-статья. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга карата та-лаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер келип чыкса Тараптар консульта-цияларды өткөрүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечишет. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга толуктоолоржана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен та-ризделип, анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана алар ушул Макулда-шуунун 11-статьясында каралган учурдан баштап күчүнө кирет. 11-статья. Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын би-ри тийиштүү мезгил бүтөөрүнө алты ай калганга чейин анын колдонушунтоктотууга ниеттенгендиги тууралуу экинчи тарапка кат жүзүндө билдирбе-се, Макулдашуу кийинки беш жылдык мезгилге өзүнөн өзү узартылат. Бишкек шаарында 2007-жылдын "___"_________ эки түп нускада, ар би-ри кыргыз, тажик жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдейюридикалык күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө талаш-тартыштар келип чык-кан учурда, Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасынын Маданият жана маалымат Өкмөтүнө караштуу Башкы министрлиги үчүн архив башкармалыгы үчүн