Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 1-сентябры № 307-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз киноискусствосун андан ары өнүктүрүү максатында: 1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Биринчи эл ара-лык Ысыккөл кинофестивалын (мындан ары - кинофестиваль) Ысыккөл облусу-нун Чолпоната шаарында 2007-жылдын 3-9-сентябрында өткөрүү жөнүндө"Кыргызкино" улуттук концернинин демилгеси колдоого алынсын. 2. "Кыргызкино" улуттук концернине Кыргыз Республикасынын Тышкыиштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментине кинофестивалдынкатышуучуларынын тизмесин өз учурунда берүү сунуш кылынсын. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2007-жылга "Кыргыз-кино" улутгук концернине каралган каражаттардын чектеринде кинофести-валды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды өз учурунда каржылоону карасын. 4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кинофестивальөтүүчү жана анын катышуучулары жашоочу жерлерде коопсуздукту жана коом-дук тартипти коргоону камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн. 5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кинофестивалдынкатышуучуларына визаларды берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин камсыз кыл-сын. 6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кинофести-валдын катышуучуларын медициналык тейлөөнү камсыз кылсын. 7. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги кино-фестивалдын ачылыш жана жабылыш салтанатына концерттик программа даяр-дасын. 8. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-лиги кинофестиваль өткөрүү үчүн керектүү сандагы транспортту камсыз кы-лууда "Кыргызкино" улуттук концернине көмөк көрсөтсүн. 9. Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы жана Бишкек шаа-рынын мэриясы кинофестивалдын катышуучуларын кабыл алууга жана аны өт-көрүүчү жерди тариздөөгө байланыштуу маселелерди чечишсин. 10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-сүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев