Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 20-апрелиндеги № 171-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2007-жылдын 20-сентябры № 352-б
Кыргыз Республикасында жүзүмчүлүктү жана шарап жасоо ишин кайра жандандыруунун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Махаммадов А.М. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары, комиссиянын төрагасы;
Жамангулов Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Үкүбаев Т.Г. - "Аталык Компани" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Комиссия мүчөлөрү:
Абдикаримов С.Т. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Өскөмбаев А.К. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары;
Атабеков А.А. - Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология улуттук институтунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Касымалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кулматов К.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары;
Абдырахманов А.А. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин кайра иштетүү жана маркетинг башкармалыгынын начальниги;
Бебкова Т.В. - Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун мөмө-жемиш, жүзүмчүлүк жана жашылча өстүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Васильев В.А. - "Аве-Мария" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макулдашуу боюнча);
Есенканов С.О. - Чүй облусунун Москва районунун "Ягодка" дыйкан чарбасынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Исмаилова Т.Р. - "Адис-Алко" жоопкерчилиги чектелген коомунун лаборатория башчысы (макулдашуу боюнча);
Кульмухаммедова А.Т. - "Биологиялык түрлөрдү сактоо жана пайдалануу боюнча" эл аралык долбоордун координатору (макулдашуу боюнча);
Орозалиев К.А. - Кыргыз Республикасынын шарап чыгаруучулар ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Тургунбаев К.Т. - К.И.Скрябин атындагы Агрардык университеттин доценти.
2. Ведомстволор аралык комиссия:
- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында жүзүмчүлүктү жана шарап жасоо ишин кайра жандандыруунун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга зарыл учурларда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин ишке тартууга укук берилсин.
Премьер-министр
| А.Атамбаев |