Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 11-августу № 268-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча Мамлекеттик агенттик менен Кытай ЭлРеспубликасынын Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик администрация-сынын ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы кызматташтык жөнүндөөз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун тиркелген долбоору принциптүүэмес мүнөздөгү мүмкүн болгон түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду эске алууменен жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-июнундагы №292-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын. Премьер-министр А.Атамбаев Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча Мамлекеттик агенттик менен Кытай Эл Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик администрациясынын ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу МЕМОРАНДУМ Мындан ары Тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамле-кеттик агенттик жана Кытай Эл Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо бо-юнча мамлекеттик администрациясы, экологиялык проблемалардын региондук жана глобалдуу мүнөзүн жанаэл аралык кызматташтык аркылуу бул проблемалар боюнча натыйжалуу жанаузак мөөнөттүү чечимдерди кабыл алуунун зарылдыгын, ошондой эле эки өл-көнүн биргелешкен иштерин координациялоонун маанилүү экендигин түшүнү-шүп, 2002-жылы Туруктуу өнүктүрүү боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммитте кабылалынган Туруктуу өнүктүрүү боюнча Йоханнесбург декларациясынын максат-тарына жана принциптерине негизденишип, кызматташтык Тараптар үчүн пайдалуу экендигине жана андан ары экиөлкөнүн достук мамилелерин өнүктүрүүгө мүмкүндүк бере тургандыгына ына-нышып, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты: 1-статья. Өз ара түшүнүшү жөнүндө бул Меморандум тењ укуктуулуктун жана өзара пайдалуу кызматташтыктын негизинде Тараптардын ортосунда айла-на-чөйрөнү коргоо жагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатын көздөйт. 2-статья. Тараптар кызматташуунун өз ара жогорку артыкчылыктуу багыттары ка-тары төмөнкүдөй тармактарды аныкташты: атмосфералык абанын булганышын контролдоо; суу ресурстарынын булганышын контролдоо; химиялык заттарды экологиялык башкаруу; калдыктарды башкаруу; биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо. Макулдашуу боюнча башка багыттар. 3-статья. Тараптардын ортосунда бул Меморандумдун алкагындагы кызматташтыктөмөнкүдөй формаларда ишке ашырылышы мүмкүн: тиешелүү экологиялык маалыматтарды жана документтерди алмашуу; эксперттердин, окумуштуулардын жана делегациялардын визиттерин ал-машуу; окумуштуулар, эксперттер, инспекторлор жана башкалар үчүн семинар-ларды, тренингдерди жана жолугушууларды биргелешип уюштуруу. Макулдашуу боюнча кызматташтыктын башка формалары. 4-статья. Бул Меморандумду аткаруу максатында Тараптар айлана-чөйрөнү кор-гоо, туруктуу өнүктүрүү жагынан бири-бири менен түз байланыштарды түзүүжана өнүктүрүү боюнча эки өлкөнүн жаратылышты коргоо уюмдарынын, чарба-кер субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын,ошондой эле илимий-изилдөө институттарынын иш-аракеттерин колдоого алы-шат. 5-статья. Бул Меморандум айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы ар кандай эл аралыккелишимдерден, конвенциялардан, региондук же эл аралык макулдашууларданкелип чыгуучу Тараптардын милдеттенмелерине тиешеси жок. 6-статья. Бул Меморандум беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана ага кол коюлганкүндөн тартып күчүнө кирет. Эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка булМеморандумдун колдонулушун токтотуу ниети тууралуу тиешелүү мезгилбүткөнгө чейин кеминде үч ай мурда билдирбесе Меморандумдун колдонулушукийинки беш жылдык мезгилге өзүнөн өзү узартылат. Бул Меморандумдун колдонуунун токтотулушу ушул Меморандумдун че-гинде кабыл алынган башка иш-чаралардын токтолуп калышын билдирбейт. Бишкек шаарында 2007-жылдын "_______" _____________ августундабирдей маанидеги эки түп нускада кыргыз, орус, кытай жана англис тилде-ринде түзүлдү. Чечмелөөдө ар башка түшүнүүлөр болсо англис тилиндегитекст негиз болуп алынат. Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча турган чөйрөнү коргоо жана мамлекеттик администрациясы токой чарбасы боюнча үчүн мамлекеттик агенттик үчүн