Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 29-декабрындагы № 695-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 19-сентябры № 347-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасында топтолуучу пенсиялык системанын моделин иш-теп чыгуу максатында: 1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн: Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы, Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төра- гасы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы- нын орун басары (макулдашуу боюнча). Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: Абдуллаева Ө.А. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри; Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Молдокулов С.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри; Тойчубеков Ю.Ж. - Кыргыз Республикасынын Финансылык рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрага- сы; Алапаев М.О. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрага- сы (макулдашуу боюнча); Ташпаева Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы. 2. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасында топтолуучупенсиялык системанын моделинин долбоорун иштеп чыксын жана 2008-жылдын1-январына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы №553-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын. Премьер-министр А.Атамбаев