Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 11-сентябры № 326-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кирги-зүү ыктымалдыгы менен Экономикалык, өнөр жай, илимий жана техникалыккызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун тиркелген долбоору жакты-рылсын. Премьер-министр А.Атамбаев Долбоор Экономикалык, өнөр жай, илимий жана техникалык кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Латвия Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасы менен Латвия Республикасынын ортосундагы дос-тук мамилелерди өнүктүрүүгө умтулушуп, Тараптардын ортосундагы экономикалык, өнөр жай, илимий жана техни-калык кызматташтыкты күчөтүүнү, колдоону жана өнүктүрүүнү, ошондой элеалардын соода жүргүзүүсүн кењейтүүнү жана түрдүүлөөнү каалашып, тењдик, өз ара кызыкчылык жана эл аралык укук принциптерин жетек-чиликке алышып, Латвия Республикасынын Европалык Союзга мүчө болушун эске алышып, бир тараптан Европалык Союз менен ага мүчө өлкөлөрдүн жана экинчитараптан Кыргыз Республикасынын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди ор-ноткон 1995-жылдын 9-февралындагы Өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөмакулдашуунун шарттарын көњүлгө алуу менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Максаттар 1. Улуттук мыйзамдарды урматтоо жана эл аралык милдеттенмелердиэске алуу менен Тараптар өз компетенцияларынын чектеринде өз ара пайда-луу негизде жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө экономи-калык, өнөр жай, илимий жана техникалык кызматташтыкты өнүктүрүшөт, кү-чөтүшөт жана диверсификациялашат. Бул Макулдашууну колдонууда Латвия Республикасы анын Европалык Со-юзга мүчөлүгүнөн келип чыккан бардык милдеттенмелерин сактайт. 2. Атап айтканда мындай кызматташтыктын максаттары болуп төмөнкү-лөр эсептелет: i) Тараптардын ортосундагы экономикалык байланыштарды күчөтүү жанадиверсификациялоо; ii) инвестициялар, биргелешкен ишканалар үчүн жана алардын орто-сундагы башка кызматташтыкка жагымдуу шарттарды түзүү максатында ишка-налардын, анын ичинде кичи жана орто ишканалардын кызматташуусуна кө-мөктөшүү. 2-статья. Колдонуу чөйрөсү 1. 1-статьяда аталган кызматташтык төмөнкү чөйрөлөргө таркатылат: (i) өнөр жай; (ii) илим, технологиялар жана инновациялар; (iii) инвестициялык ишмердүүлүк; (iv) транспорт жана транзит; (v) туризм; (vi) энергетика; (vii) өз ара кызыкчылык жаратуучу жана экономикалык, өнөр жай,илимий жана техникалык кызматташтыкты андан ары кењейтүүгө жагымдуушарт түзүүчү башка чөйрөлөр. 2. Тараптар кызматташтыктын артыкчылыктуу чөйрөлөрүн аныктоо үчүнбири-бири менен консультацияларды өткөрүп турушат. 3-статья. Кызматташтык боюнча ишчаралар Бул Макулдашуунун максаттарына жетүү үчүн Тараптар төмөнкү ишчара-лар аркылуу кызматташууга көмөктөшөт жана ыњгайлуу шарттарды түзүшөт: (i) өкмөттүк институттардын ортосундагы кызматташтыкты ишке ашы-руу; (ii) соода-өнөр жай, палаталары менен ишкерлер ассоциацияларынынортосундагы кызматташтыкты ишке ашыруу; (iii) жарандардын, расмий жана экономикалык уюмдардын ортосундагыкызматташтыкка көмөктөшүү үчүн арналган ишсапарларды, карым-катнаштардыжана ишчараларды ишке ашыруу; (iv) жарманкелерди жана көргөзмөлөрдү уюштуруу; (v) семинарларды жана симпозиумдарды уюштуруу; (vi) биргелешкен ишканаларды жана биргелешкен экономикалык ишмер-дүүлүктүн башка формаларын түзүү; (vii) чакан жана орто ишканаларды эки тараптуу экономикалык мами-лелерге катыштыруу; (viii) соода ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү. 4-статья. Маалымат алмашуу 1. Тараптар экономикалык, өнөр жай, илимий жана техникалык кызмат-таштыкты терењдетүүгө зарыл болгон соода, ишкердик, инвестициялар, фи-нансылык кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалыматтарды жана башка маалымат-тарды дайыма алмашып турушат. 2. Тараптар интеллектуалдык менчикке болгон укуктарды натыйжалуукоргоо маанилүү экендигин таанышат. Тараптар туруктуу негизде Тараптар-дын мамлекеттеринин аймагында интеллектуалдык менчикке укуктарды кор-гоону жөнгө салуучу мыйзамдар жана жолжоболор жөнүндө маалыматтарды ал-машып турушат. 5-статья. Өкмөттөр аралык комиссияны түзүү 1. Бул Макулдашуунун 1-статьясында айтылган милдеттерди аткаруумаксатында Тараптар Экономикалык, өнөр жай, илимий жана техникалык кыз-матташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссия (мындан ары - Өкмөттөр аралыккомиссия) түзүшөт. 2. Өкмөттөр аралык комиссия тиешелүү мамлекеттик кызмат адамдары-нан түзүлөт. 3. Өкмөттөр аралык комиссия өз отурумдарын зарылдыгына жараша, би-рок эки жылда бир жолудан кем эмес кезек менен Тараптардын мамлекетте-ринин аймагында өткөрүп турат. 6-статья. Өкмөттөр аралык комиссиянын ыйгарым укуктары 1. Өкмөттөр аралык комиссиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр: (i) бул Макулдашуунун аткарылышына байкоо жүргүзүү жана баалоо,бул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болушу мүмкүн болгонмаселелерди чечүү; (ii) өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө экономикалык, өнөржай, илимий жана техникалык кызматташтык программаларын талкуулоо; (iii) Тараптардын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын жанасооданын өнүгүшүн кыйындатышы мүмкүн болгон көйгөйлөрдү изилдөө; (iv) Тараптардын статистикалык маалыматтарын салыштыруу. 2. Өкмөттөр аралык комиссия бул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жанатүзөтүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат. 7-статья. Башка милдеттенмелер Бул Макулдашуу Латвия Республикасынын Европалык Союздагы мүчөлүгү-нөн келип чыккан милдеттенмелерине зыян келтирбестен колдонулат. Макул-дашуунун жоболору Өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуу жеКыргыз Республикасы менен Европалык Союздун ортосундагы башка макулда-шуулар тарабынан белгиленген милдеттенмелерге зыян келбегидей же кан-дайдыр бир башкача таасир этчүдөй колдонулбашы же чечмеленбеши керек. 8-статья. Түзөтүүлөр 1. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүү-лөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү бо-луп саналуучу жана бул Макулдашуунун 9-статьясында каралган тартиптекүчүнө кирүүчү өзүнчү протоколдор менен таризделет. 9-статья. Корутунду жоболор 1. Бул Макулдашуу Тараптардын бири бирине анын күчүнө кириши үчүнзарыл болгон тиешелүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аяктагандыгы туу-ралуу акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүлөрү дипломатиялык каналдар аркы-луу алынган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт. 3. Бул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин Кыргыз ССРи менен ЛатвияРеспубликасынын ортосунда 1990-жылдын 28-сентябрында кол коюлган эконо-микадагы, илимдеги, технологиялардагы жана маданияттагы кызматташтыктыөнүктүрүү тууралуу макулдашуу күчүн жоготту деп табылсын. 4. Тараптардын ар бири экинчи Тарапка жазуу түрүндө билдирүү аркы-луу бул Макулдашуунун колдонулушун токтотууга укуктуу. Бул учурда Ма-кулдашуунун колдонулушу Тараптардын бири мындай билдирүүнү алган күндөнтартып алты ай өткөндөн кийинки биринчи күндөн тартып токтойт. Бул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга карата ар кандай пикиркелишпестиктер Тараптардын ортосунда консультацияларды өткөрүү аркылуучечилет. 2007-жылдын " ________ "-сентябрында Бишкек шаарында эки нускада,ар бири кыргыз, латыш жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык текст-тер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашууну чечмелөөдө кандайдыр-бир кайчы пикирлер келипчыкса, орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот. Кыргыз Республикасынын Латвия Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн