Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 9-октябры № 379-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 462-б буйругунун:18982} редакциясына ылайык) Азык-түлүк буудай данына жана унга бааны төмөндөтүү боюнча КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан көрүлгөн чараларга карабастан рыноктункатышуучуларынын алып сатарлык иш-аракеттерине байланыштуу көрсөтүлгөназыктарга баанын кымбатташы сакталууда. Негизги тамак-аш азыктарынабаанын кескин өсүшү өлкөнүн жарандарынын жашоо дењгээлине, айрыкча же-тишпеген үй-бүлөлөргө терс таасир тийгизүүдө. Өлкөдө 2006-жылдын аягын-дагы абал боюнча 292,5 мињ жакыр үй-бүлө же 1 млн. 300 мињден ашуунадам эсептелген. Республиканын жетишпеген үй-бүлөлөрүн арзан ун менен камсыз кылуумаксатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатыпалуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик: - в установленном порядке произвести разбронирование из государст-венного резерва и переработать в муку 21 тысячу тонн зерна продовольст-венной пшеницы производства Республики Казахстан; - бир үй-бүлөгө 50 кг ун эсебинде Кыргыз Республикасынын Эмгек жа-на социалдык өнүктүрүү министрлигинин разнарядкасы боюнча унду район-дордун мамлекеттик администрацияларына жана Бишкек жана Ош шаарларынынмэрияларына жеткирүүнү камсыз кылсын; - ушул буйрукка ылайык унду жеткирүү үчүн бир булактан алуу ыкма-сында транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну ишкеашырсын; - түшкөн акча каражаттарына "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө"Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык үчүнчү класстан төмөн болбогонбазистик кондициялардагы азык-түлүк буудай данын мамлекеттик резервгесактоого койсун. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы №462-б
буйругунун редакциясына ылайык) 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик ун салын-ган мүшөктөрдү жана райондук борборлорго жана Бишкек менен Ош шаарлары-нын мэрияларына чейинки транспорттук чыгымдарды эске алуу менен ушулбуйрукка ылайык сатылуучу унга өздүк наркынын дењгээлиндеги бааны бел-гилесин. 3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министр-лиги жетишпеген үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактасын жана аларды Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материал-дык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке, облустар менен райондордунмамлекеттик администрацияларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынаберсин. 4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министр-лигинин разнарядкасы боюнча гана унду бөлүштүрүү жана берүү боюнчажоопкерчилик облустар менен райондордун мамлекеттик администрациялары-на, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жүктөлсүн. 5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жана экономика, соода,туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев