Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 16-ноябры №474-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясы менен тарыхый жактан тү-зүлгөн коомдук-саясий жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүжана терењдетүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республи-касынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин обьекттерин реставрациялоожана куруу жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, "Москвада эпостун каарманы Манас-тын эстелигин орнотуу жөнүндө" Москва Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-декаб-рындагы № 2656-РП буйругун көњүлгө алуу менен: 1. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги: - долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу, Манастын эстели-гинин архитектуралык граниттик деталдарын даярдоо, куюу, орнотуу жанааймакты көрктөндүрүү боюнча техникалык аткаруучулар менен келишим түз-сүн; - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги мененбирдикте Манастын эстелигин салтанаттуу ачууну даярдасын жана өткөрсүн; - Москва шаарынын Ленинград проспектисиндеги Речный вокзалынын жа-нындагы Дружба паркынын аймагында орнотуу үчүн Манастын коло эстелигин2008-жылга Москва шаарына белекке берсин; - Москва шаарында Манастын эстелигин даярдоого жана орнотууга бай-ланыштуу чыгымдар демөөрчүлүк каражаттарды тартуу менен Кыргыз Респуб-ликасынын Маданият жана маалымат министрлигинин 2007-жылга бюджетининчектеринде ишке ашырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Манас-тын эстелигин даярдоо жана орнотуу боюнча уюштуруу иштерине байланыштуумаселелерди Москва шаарынын Өкмөтүнүн тиешелүү структуралары менен бел-гиленген тартипте иштеп чыксын. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-сүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев