Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 31-октябры № 443-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалыматминистрлиги менен Украинанын Маданият жана туризм министрлигинин орто-сундагы кызматташтык жөнүндө Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мү-нөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен ма-кулдук берилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев Долбоор 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги менен Украинанын Маданият жана туризм министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө ПРОТОКОЛ Мындан ары Тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Маданиятжана маалымат министрлиги менен Украинанын Маданият жана туризм минист-рлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украина Өкмөтүнүн ортосундагымаданият жаатындагы кызматташтык жөнүндө 1993-жылдын 23-февралындагыМакулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасы менен Украинанын маданият-тарын өз ара байытуу процессин өнүктүрүүнү каалашып, төмөнкүлөр туура-луу макулдашты: 1-статья. Тараптар Кыргыз Республикасынын Украинадагы Маданият күндөрүн жанаУкраинанын Кыргыз Республикасындагы Маданият күндөрүн 2008-жылы өткөрүүмүмкүнчүлүгүн карашат. Маданият күндөрүн өткөрүүнүн майда-бараттарын жана шарттарын өзара макулдашуу принцибинде Тараптар аныкташат. 2-статья. Тараптар фестивалдардын өтүү шарттарына ылайык Тараптардын мамле-кеттеринде өтүүчү театралдык фестивалдарга кыргыз жана украин драма те-атрларынын катышуусун колдоого алышат. 3-статья. Тараптар өз мамлекеттеринин аймактарында драмалык, музыкалык теат-рлардын, көркөм жамааттардын жана өзүнчө аткаруучулардын гастролдорунуюштурууга көмөктөшөт. 4-статья. Тараптар ушул фестивалдарды өткөрүү шарттарына ылайык Тараптардынмамлекеттеринде өтүүчү музыкалык фестивалдарга кыргыз жана украин музы-калык жамааттарынын жана өзүнчө аткаруучуларынын катышуусун колдоогоалышат. 5-статья. Тараптар эл чыгармачылык маданияты жагындагы кызматташтыкты өнүк-түрүшөт жана эки мамлекеттин элдик чыгармачылык борборлорунун жана өз-дүк көркөм жамааттарынын ортосунда түз байланыштарды түзүүгө көмөктө-шөт. 6-статья. Тараптар музейлик жана көргөзмө иштери жаатында кызматташат. Та-раптар Кыргыз Республикасы менен Украинанын музейлеринин ортосунда түз-дөн түз кызматташтыкты түзүүгө көмөктөшөт. 7-статья. Тараптар тарыхый-маданий мурастарды эсепке алуу, коргоо, реставра-циялоо, пайдалануу жана дањазалоо боюнча маалыматтарды алмашат, рестав-рациялык иштерди, илимий семинарларды, симпозиумдарды, жолугушуулардыжана экспедицияларды биргелешип өткөрүү мүмкүнчүлүгүн иликтешет. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Украинанын элдеринин тары-хый-маданий мурастарын изилдөөгө, бул мурастарды изилдөө максатындабиргелешип аракеттенүүнү кењейтүүгө көмөктөшөт. Тараптар эки мамлекеттин жарандарына Тараптардын карамагындагы му-зейлерде жана китепканаларда сакталып турган баалуулуктар менен тааны-шуу мүмкүнчүлүгүнө көмөктөшөт. 8-статья. Эл аралык укуктун нормаларына, Тараптардын мамлекеттеринин улуттукмыйзамдарына ылайык Тараптар мыйзамсыз ташып чыгуунун натыйжасында баш-ка мамлекеттердин аймагында калган маданий баалуулуктарды аныктоо боюн-ча кызматташтыкты өнүктүрүшөт. Тараптар маданий баалуулуктарды мыйзамсыз ташып чыгууну жана ташыпкелүүнү болтурбоо боюнча иш-чараларды жүргүзүшөт, өз компетенцияларынынчектеринде бул маселелер боюнча маалыматтарды алмашат жана мыйзамсызташып чыгарылган маданий баалуулуктарды кайтарууга көмөктөшөт. 9-статья. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Украинанын маданият жана искус-ствосунун жогорку жана атайын орто окуу жайларынын ортосунда түз байла-ныштарды түзүүгө көмөктөшөт. Тараптар чыгармачыл, окуу жана илимий багыттар боюнча жогорку окуужайларынын студенттерин жиберишип турууга көмөктөшөт. Тараптар эки мамлекеттин алдыњкы театралдык оюн-зоок мекемелери-нин, ошондой эле жогорку маданият жана искусство окуу жайларынын оку-туучуларынын квалификациясын жогорулатуу жана чыгармачыл стажировкала-рын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшөт. 10-статья. Тараптар маданий алмашууларды төмөнкүдөй шарттарда ишке ашырат: а) көркөм жамааттарды, делегацияларды жана өзүнчө өкүлдөрдү жибе-рүүдө: - жиберүүчү Тарап өзүнчө макулдашууларда айтылган айрым учурлардыкошпогондо чакырылган жерге жана кайра кайтуучу багытка жол-киреге, ти-ешелүү жүктү ташууга, мүмкүн болуучу калем акы төлөөгө байланыштуу чы-гымдарды төлөйт; - кабыл алуучу Тарап жашашына жана тамак-ашына байланыштуу (же жи-берүүчү Тараптын каалоосу боюнча кабыл алуучу Тараптын мамлекетининмыйзамдарына ылайык суткалык чыгымдарды төлөйт), баруу программасынаылайык өз мамлекетинин аймагындагы транспорт чыгымдарын төлөйт. б) музейлик фонддордон көргөзмөлөрдү жана заманбап искусство көр-гөзмөлөрүн алмашууда экспозициянын шарттары, мөөнөтү, орду ар бир жолукөргөзмөнү түздөн түз уюштуруучулардын ортосундагы өзүнчө протокол ме-нен аныкталат. 11-статья. Бул Протоколду чечмелөөгө жана колдонууга тиешелүү талаш маселелерТараптар аркылуу консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. 12-статья. Бул Протоколго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алушул Протоколдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протокол менентаризделет. 13-статья. Бул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2009-жыл-дын 31-декабрына чейин колдонулат. __________ шаарында 200__-жылдын ________ эки нускада ар бири кыр-гыз, украин жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдейкүчкө ээ. Бул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келипчыкса орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Украинанын Маданият Маданият жана маалымат жана туризм министрлиги үчүн министрлиги үчүн