Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 15-октябры № 401-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Дүйнөлүк музыка искусствосун өнүктүрүүгө зор салым кошкон СССРдин
эл артисткасы Сайра Кийизбаеванын туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналган
юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат
министри, уюштуруу комитетинин төрагасы.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Бегалиев М.А. - Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору;
Молдокасымов К. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпора-
циясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Ногоев А.И. - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Осмоналиев К. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим ми-
нистри;
Рахманов П.П. - Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрация
башчысы;
Сыйданов К.С. - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы
- губернатор;
Саламатов Т.С. - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана
балет театрынын директору (макулдашуу боюнча);
Эсенкулов Н.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын би-
лим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчы-
сы.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө юбилейлик иш-чараларды да-
ярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар демөөрчү-
лүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-
сүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев