Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                       КР Министрлер Кабинетинин

        2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык

                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 15-октябры № 401-б

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

 

     Дүйнөлүк музыка  искусствосун өнүктүрүүгө зор салым кошкон СССРдин

эл артисткасы Сайра Кийизбаеванын туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналган

юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:

     1. Төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:

     Раев С.А.       - Кыргыз Республикасынын  маданият  жана  маалымат

                       министри, уюштуруу комитетинин төрагасы.

 

                    Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

 

     Бегалиев М.А.   - Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору;

     Молдокасымов К. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпора-

                       циясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

     Ногоев А.И.     - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

     Осмоналиев К.   - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим ми-

                       нистри;

     Рахманов П.П.   - Бишкек шаарынын Свердлов райондук  администрация

                       башчысы;

     Сыйданов К.С.   - Чүй облусунун мамлекеттик администрация  башчысы

                       - губернатор;

     Саламатов Т.С.  - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук  опера  жана

                       балет театрынын директору (макулдашуу боюнча);

     Эсенкулов Н.Ж.  - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын би-

                       лим берүү,  маданият жана спорт бөлүмүнүн башчы-

                       сы.

     2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө юбилейлик иш-чараларды да-

ярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.

     3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар демөөрчү-

лүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.

     4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын  билим  берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-

сүн.

 

     Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           А.Атамбаев