Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 9-ноябры № 459-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
"Кадамжай шахта курулуш башкармалыгы" акционердик коомунун жамаа-
тынын кайрылуусунда баяндалган Баткен облусунун мамлекеттик администра-
ция башчысы - губернатору укукка жат иштерди жасап жана кызмат абалын
кыянаттык менен пайдаланып жаткан имиштиги тууралуу фактыларды текшерүү
максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Үркүнбаев Ш.Д. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администра-
циясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башка-
руу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору,
комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Сатаев З.А. - Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын укук
коргоо органдары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн
башчысы (макулдашуу боюнча);
Шамбетов Т.Э. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
укуктук камсыздоо жана кадр кызматы бөлүмүнүн
сот органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча
секторунун башчысы;
Керимкулов К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын фи-
нансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти;
Артыков Н. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
Баткен, Жалалабат, Ош облустары жана Ош шаары
боюнча финансылык контролдоо бөлүмүнүн башкы
алиси.
Келдибаев Ж.Ж. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация баш-
чысынын-губернатордун орун басары.
2. Комиссия жерине баруу менен бир жумалык мөөнөттө "Кадамжай шах-
та курулуш башкармалыгы" акционердик коомунун жамаатынын кайрылуусунда
баяндалган фактылар боюнча текшерүү жүргүзсүн жана жыйынтыктары туура-
луу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берсин.
3. Комиссия мүчөлөрдүн командировкалык чыгымдар жиберүүчү уюмдар-
дын эсебинен төлөнсүн.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев