Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 19-ноябры №481-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Иран РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында Иран банкын ачуу тууралуумеморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда көрсөтүлгөнМеморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучуөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Иран Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында Иран банкын түзүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Ислам Иран Республикасынын Өкмөтү, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өз ара пайдалуу негиз-де өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын жана Иран Ислам Республикасынын аймактарын-да жайгашкан чарба жүргүзүүчү субъекттер ортосундагы мамилелердиөнүктүрүү үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүүгө умтулуп, ишканалар менен уюмдардын ортосунда өндүрүштүк технологиялык бай-ланыштарды өнүктүрүүгө жогору маани берип, Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыкбоюнча кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиянын 2006-жылдын 31-августун-дагы сегизинчи жыйынынын жүрүшүндө жетишилген келишимди, ошондой элебанк кызматташтыгы боюнча кыргыз жана иран тараптардын ортосундагысүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын көњүлгө алып, мындай кызматташтык Тараптар ортосунда тышкы экономикалык байла-ныштарды өнүктүрүү жана терењдетүү үчүн ыњгайлуу шарттарды түзө турган-дыгына ынанып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Эки өлкөнүн ортосунда акча аткарымдарын жөнөкөйлөштүрүү, соо-да-экономика, инвестиция жаатында эки өлкөнүн ортосунда мамилелердиөнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана эки өлкөнүн компанияларынын ишинчыњдоо максатында Иран тарап Кыргыз Республикасынын аймагында Ирандынтуунду банкын (мындан ары - Банк) ачууну сунуш кылат. Конкреттүү банккийинчерээк иран тараптан аныкталат. 2-статья. Банк чарба жүргүзүүчү субъекттер менен иштейт жана чарбалык-эконо-микалык иштер үчүн жана Кыргызстандын корпоративдик секторун өнүктүрүү-гө көмөк көрсөтүү үчүн зарыл керектүү банк аткарымдарын жүргүзүү укугу-нун лицензиясына ылайык банк кызматынын толук спектрин камсыз кылат. Банк өзүнүн ишинде таразаланган банк ишмердигин жүргүзүүнүн кабылалынган эл аралык принциптерин жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагымыйзамдарын карманат. Банк финансы каражаттарын тартат жана мобилизаци-ялайт жана аларды андан ары инвестициялайт, атап айтканда: Кыргыз Рес-публикасынын өндүрүштүк жана чарбалык секторлорун өнүктүрүүдө колдоокөрсөтүү жана жардам берүү үчүн; Кыргыз Республикасындагы жањы жана иш-теп жаткан базарларга банк кызматын камсыз кылуу үчүн; Кыргыз Республи-касынын өндүрүштүк секторун орто жана узак мөөнөттүү каржылоонун натый-жалуу системасын түзүү жана киргизүү үчүн; каражаттарды, атап айткандачакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жана кењейтүүгө инвестициялоо жанаКыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген дагы башка мак-саттарды жүзөгө ашыруу үчүн инвестициялайт. 3-статья. Кыргыз Республикасынын экономикасын жана өз ара пайдалуу кызмат-таштыкты өнүктүрүү максатында, ошондой эле Банкта эл аралык рейтингдинжоктугун көњүлгө түйүп, Иран тарап "Кыргыз Республикасында банктар жанабанк ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бүткүлчектөөлөрдүн жоюлушуна жараша бардык шарттарды аткарууга макул болду.Мында Иран тарап Меморандумга кол коюлган күндөн баштап бир айдын ичин-де Кыргыз тарапка Иран Банкына рейтинг берүү жөнүндө эл аралык рейтингАгенттигинин милдеттенмесин берүүгө милдеттенет. Меморандумга кол коюл-ган күндөн баштап 6 ай өткөндөн кийин Иран тарап Кыргыз Республикасынынченемдик-укуктук актыларынын талаптарына ылайык Иран Банкына ыйгарылганэл аралык рейтингди Кыргыз тарапка берүүгө милдеттүү. 4-статья. Банк бухгалтердик эсептин эл аралык стандартын (IAS) колдонот жанаанын бардык аткарымдары ошондой стандарттарга негизделет, тактап айт-канда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына же салык органдарына бар-дык отчеттор жана отчеттуулук боюнча же салыктарды төлөөлөр же резерв-дер боюнча бардык талаптар бухгалтердик эсептин эл аралык стандарттары-нын жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарыныннегизинде жүргүзүлөт. 5-статья. Ушул Меморандумду чечмелөөдө жана колдонууда келип чыккан талашмаселелер Тараптар ортосунда кењешүүлөр жана сүйлөшүүлөр жолу менен че-чилет. 6-статья. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга өзүнчө про-токол менен таризделүүчү жана ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болупэсептелүүчү жана Меморандумдун 7-статьясына ылайык күчүнө кире турганөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 7-статья. Бул Меморандум анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекет-тик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аткаргандыгы жөнүндөжазуу жүзүндөгү кабарламаны Ислам Иран Республикасынын Өкмөтү алганкүндөн баштап күчүнө кирет. Меморандум мөөнөтү аныкталбастан түзүлөт жана Тараптардын бириушул Меморандумдун күчүн токтотууга өзүнүн ниети жөнүндө башка Тараптыжазуу жүзүндө кабарламайынча күчүндө кала берет. Андай учурда анын жа-рактуулугу ошол кабарламаны алган күндөн баштап алты ай өткөндөн кийинтоктотулат. 2007-жылдын "________" ___________ шаарында эки түп нускада ар би-ри кыргыз, иран жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бир-дей күчкө ээ. Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлеркелип чыккан учурда, Тараптар орус тилиндеги текстке таянышат. Кыргыз Республикасынын Ислам Иран Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн