Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-ноябры № 487-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-майындагы №202
буйругуна ылайык) Кыргыз Республикасынын жакыр үй-бүлөлөрүн рыноктон төмөнкү баадаун менен камсыздоо максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатыпалуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин ал-дындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду: - белгиленген тартипте 10 мињ тонна ун сатып алсын; - жогоруда аталган унду сатып алууну "Мамлекеттик сатып алууларжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети аталган ундуташып келүүдө жана андан аркы берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнчамамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдерфондуна Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 246-статьясына ылайыкбажы төлөмдөрүн төлөөнү эки айлык мөөнөткө кийинкиге жылдырсын. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резер-вдер боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик материалдык резервдер фондун "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жонүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттын чегинде бажылыктоломдорду жана экспорттук пошлиналарды толоо учун каржылоону жургузсун. 4. Унду андан ары пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2007-жылдын 9-октябрындагы № 379-б
буйругуна ылайык транспорттук чыгымдарды жана сактоо боюнча сарптоолорду эске алуу менен сатып алуубаасында жүргүзүлөөрү белгиленсин. 5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев