Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 15-июлу № 110
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги
принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу
2006-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
15-статьяда:
жетинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жергиликтүү бюджеттердин, ошондой эле ишин токтотпогон чарбакер
субъекттердин республикалык бюджеттен берилген ссудалар боюнча бересе-
лерин кечүү жөнүндө чечимдерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат, ал
эми жергиликтүү бюджеттерден берилген ссудалар боюнча береселерин кечүү
жөнүндө чечимдерди - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-
чу-тескөөчү органдары айылдык, поселоктук жана шаардык кењештер менен
макулдашуу боюнча кабыл алышат. Республикалык бюджеттен берилген ссуда-
лар боюнча береселерди төлөөнүн шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечимдерди
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ал эми жергиликтүү бюджеттерден берилген
ссудаларды төлөөнүн шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечимдерди - жергиликтүү
өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары айылдык, поселоктук
жана шаардык кењештер менен макулдашуу боюнча кабыл алышат.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи бөлүк менен толукталсын:
"Юридикалык жак банкроттукка байланыштуу жоюлган учурда Кыргыз
Республикасынын Граждандык кодексинде жана "Банкроттук (кудуретсиздик)
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте кредитор-
дун талаптары аткарылат.";
сегизинчи-он үчүнчү бөлүктөр иретине жараша тогузунчу-он төртүнчү
бөлүктөр деп эсептелсин.
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев