Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 19-ноябры № 480-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагыкызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана достук мамилелерди чыњдоо мак-сатында: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Беларусь Рес-публикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндөМакулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн бо-луучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берил-син. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы №517-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын. Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев Долбоор Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Беларусь Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлиги менен Беларусь Республикасынын Финансы министрлиги компе-тенциялар чөйрөсүнө кирүүчү маселелер боюнча Тараптардын ортосундагы өзара мамилелерди өнүктүрүүгө чоњ маани беришип, төмөнкүлөр тууралуу ма-кулдашты: 1-статья. Тараптар төмөнкүдөй маселелерди кошо алганда, алардын компетенция-сына кирүүчү проблемалар боюнча маалыматтарды үзгүлтүксүз негизде алма-шып турушат: бюджеттик-финансылык жана салык саясаты маселелерин жөнгө салуучуулуттук мыйзамдарды; эркин соода зоналарын, эркин экономикалык зоналарды жана эгердемындайлар бар болсо Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында ошол сыяк-туу экономикалык түзүлүштөрдү түзүүнү жана иштетүүнү жөнгө салуучуулуттук мыйзамдарды; Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана түзүлгөн эларалык келишимдерге ылайык Тараптардын мамлекеттеринин резиденттеринежана үчүнчү өлкөлөрдүн жактарына салык салуу; эл аралык уюмдар (Дүйнөлүк соода уюму, Бириккен улуттар уюму ж.б.)жана эл аралык финансы институттары (Эл аралык валюта фонду, Эл аралыкреконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европалык реконструкциялоо жанаөнүктүрүү банкы ж.б.) менен кызматташтык тажрыйбасын алмашуу; Тараптар үчүн өз ара кызыкчылык жараткан башка чөйрөлөр. Бир Тарап экинчи Тараптан алган ар кандай маалымат жашырын болупэсептелет жана мындай маалыматты берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макул-дугу менен гана жарыя кылынышы же үчүнчү тарапка берилиши мүмкүн. 2-статья. Тараптар өз ара макулдашуу боюнча ушул Макулдашуунун 1-статьясындаайтылган маселелер боюнча тажрыйбалар менен көз караштарды кыйла кењириалмашууга көмөктөшүүчү семинарларды жана конференцияларды уюштурат жанаөткөрүшөт. Тараптар үчүн кабыл алгылыктуу болсо, үчүнчү өлкөлөрдүнөкүлдөрү мындай иш-чараларга катышуу үчүн чакырылышы мүмкүн. Тараптармындай семинарлар менен конференцияларды өткөрүүнүн финансылык маселе-лерин өз убагында макулдашат. 3-статья. Эгерде кабыл алгылыктуу болсо алдын ала макулдашуу боюнча жогорудааталган маселелер боюнча жолугушууларды жана кењешмелерди өткөрүшөт.Мындай жолугушуулар кезеги менен ар бир Тараптын мамлекеттеринин айма-гында өткөрүлөт. 4-статья. Зарыл учурларда Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашу-уга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулда-шуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризде-лет. 5-статья. Бул Макулдашуу Тараптар катышуучулар болуп саналган башка эл ара-лык келишимдерден келип чыгуучу алардын укуктары менен милдеттенмелери-не тиешеси жок. 6-статья. Бул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана бешжыл бою колдонулат. Эгерде Тараптардын бири Макулдашуунун колдонулушунтоктотуу ниети тууралуу жазуу жүзүндө экинчи Тарапка кезектеги мезгилбүткөнгө чейин кеминде алты ай мурда билдирбесе, ал кийинки беш жылдыкмезгилге өзүнөн-өзү узартылат. __________ шаарында 2007-жылдын "____________" эки түп нускада, арбири кыргыз, беларусь жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттербирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпес-тиктер келип чыкса Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат. Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасынын Финансы министрлиги үчүн Финансы министрлиги үчүн