Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 3-декабры №510-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Сунуш кылынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ШвейцарияКонфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдар болгон учурдакызматташуу жөнүндө Макулдашуунун долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрине жогорудакөрсөтүлгөн Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан прин-ципиалдуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү уку-гу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдар болгон учурда кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү жана Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтү, - табигый өзгөчө кырдаал болгон учурда да, техногендик өзгөчө кыр-даал болгон учурда да жардам көрсөтүү эл аралык кызматташуунун жана ти-лектештиктин ажырагыс бөлүгү болоорун көњүлгө алып; - андай кырсыктар болгон учурда жардам көрсөтүү боюнча эки өлкөнүнортосунда кызматташуунун зарыл экендигине ынанышып, төмөндөгүлөр жөнүн-дө макулдашты: 1-статья. Макулдашуунун максаты Бул Макулдашуунун максаты - өзгөчө кырдаалга дуушарланган жердежумуштарды жүргүзүү үчүн Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтү Швейцария-нын Өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча башкармасынын гуманитардык жар-дам бөлүмүнө (мындан ары - ШӨКБ-ГЖБ) караштуу Жардам көрсөтүү боюнчабөлүмдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына бере алуусу үчүнжол-жоболорду аныктоону көздөйт. Төмөнкүдөй жоболорго ылайык Швейцариятарабынан макулдук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өтүнүчүнө жооп бо-луп эсептелет. 2-статья. Негизги аныктамалар Ушул Макулдашуунун чегинде төмөн жакта берилген аныктамалар төмөн-дөгүдөй мааниге ээ: "Суроочу тарап" - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү; "Берүүчү тарап" - Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтү; "Өзгөчө кырдаалга дуушар болгон жер" - Кыргыз Республикасынын ай-магындагы өзгөчө кырдаалга дуушар болгон, Суроочу тараптын ою боюнча өзара Макулдашууга ылайык Жардам көрсөтүү боюнча бөлүмдүн колдоосу керекболгон жер; "өзгөчө кырдаалдар болгон учурда жардам көрсөтүү боюнча бөлүм" Бе-рүүчү тараптын ою боюнча алардын иш чөйрөсүндө керектүү кесиптик жанатехникалык тажрыйбаларга ээ, ШӨКБ-ГЖБ жиберген адистер; "жардам" - талкаланган же бузулган курулуштарда калып калган жекадимки каражаттар менен жардам көрсөтүү мүмкүн болбогон башка аргасызкырдаалдарда калган адамдарды же жаныбарларды издөө, куткаруу жана эгерзарыл болсо тезинен реанимациялоо; "өзгөчө кырдаал"- адамдарды курмандыкка дуушарлантышы мүмкүн бол-гон же дуушарланткан, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыянкелтириши мүмкүн болгон же зыян келтирген, олуттуу материалдык чыгым-дарга жана адамдардын жашоо-шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн бол-гон жана алып келген коркунучтуу табигый кубулуштун, авариянын, алаа-маттын, табигый кырсыктын натыйжасында айрым бир аймакта түзүлгөн кыр-даал; "жабдуулар" - өзгөчө кырдаалдарда жардам көрсөтүү боюнча бөлүмүчүн арналган материалдар, телекоммуникация жана жеке жабдыктар; "эксплуатациялык ресурстар" - жабдуулардын иштеши үчүн керектүү,ошондой эле жардам берүү боюнча бөлүмдөрдү жабдуу үчүн Суроочу тараптынкеректөөлөрүнө жана макулдашууга ылайык жеринде сатылып алынган матери-алдар жана буюмдар: транспорт, күйүүчү май, ичүүчү суу ж.б.; "компетенттүү органдар" - ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-терди координациялоо үчүн Макулдашуучу Тараптардын ар бири дайындаганорган; "жардам берүү каражаттары" - жапа чеккен калктын арасында бөлүштү-рүү үчүн арналган жабдуулар жана материалдар. 3-статья. Компетенттүү органдар 1. Ушул Макулдашууну аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу органдар: а) Кыргыз Республикасынан - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаал-дар министрлиги. б) Швейцария Конфедерациясынан - Гуманитардык жардам боюнча ыйга-рым укуктуу бөлүмдүн башчысы (мындан ары - Бөлүмдүн башчысы). 2. Жогоруда аталган органдар бири бири менен түздөн түз байланыштаболо алышат. 3. Макулдашуучу Тараптар дипломатиялык жолдор боюнча жогорудааталган компетенттүү органдардын жана башка аларды аткарууга ыйгарымукук берилген субъекттердин даректерин, телефон жана факс номерлеринжана электрондук почта даректерин берүүгө тийиш. 4. Компетенттүү органдардын, Бөлүмдүн башчысын кошкондо, ушул Ма-кулдашуунун милдеттерин аткарууга жооптуу кызмат адамдарынын тизмеситийиштүү байланыштык маалыматтары менен өзүнчө берилип жана компетент-түү органдар тарабынан такай жањыланып турушу керек. 4-статья. Жардам берүү үчүн негиздер 1. Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдар болгонуч-урда жардам берүү боюнча бөлүмдөрдү жайгаштыруу жөнүндөгү чечим ушулМакулдашуунун 3-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн компетенттүү орган-дардын өз ара макулдашуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан мындай жайгаштыруунун аймактык чектери аныкталган учурда ка-был алынат. 2. ШӨКБ-ГЖБ жардам көрсөтүү боюнча бөлүмдөрдү жайгаштыруу КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн өтүнүчүнүн негизинде токтоосуз башталат. Өтү-нүч дипломатиялык каналдар аркылуу Бишкек шаарындагы Швейцария Консул-дугуна, өтө зарыл болгон учурда Бөлүмдүн башчысына түздөн түз жиберили-ши керек. 3. Жардам көрсөтүү боюнча бөлүмдүн жетекчиси ушул Макулдашуунун8-статьясына ылайык Суроочу тараптын тийиштүү органдарына кыска мөөнөт-түн ичинде Жардам көрсөтүү боюнча бөлүмдөрдүн, жабдуулардын, кызматтыкиттердин жана уруксат берилген жеке буюмдардын толук тизмесин берүүгө,ошондой эле ушул Макулдашуунун 6 жана 8-статьяларына ылайык пландашты-рылып жаткан транспорт каражаттары жөнүндө билдирүүгө тийиш. 5-статья. Көрсөтүлгөн жардамдын түрү Ушул Макулдашуунун 1-статьясында көрсөтүлгөн жардам ШӨКБ-ГЖБ тара-бынан түздөн түз же Жардам көрсөтүү боюнча бөлүмдү, анын ичинде сактоо-чуларды, керектүү жабдууларды жана кызматтык иттерди пайдалануу менен,же башка суралган түрдө жөнөтүү менен кыйыр түрдө берилиши керек. 6-статья. Ташуу Өзгөчө кырдаалдар болгон учурда Жардам көрсөтүү боюнча бөлүмдүнперсоналы, кызматтык иттери жана жабдуулары жер бетиндеги транспорт,аба же суу транспорттору аркылуу өзгөчө кырдаалга дуушар болгон жергекыска мөөнөттүн ичинде жете тургандай кылып, айрыкча натыйжалуу жолдорменен жана кырдаалга ылайык жөнөтүлөт. 7-статья. Финансылык жагдайлар 1. Берүүчү тарап берип жаткан жардам, өз ара макулдашуу мененаныкталып, акысыз болот. 2. Иш процессинде зарылдык пайда болуп калган учурда жана Жардамкөрсөтүү боюнча бөлүмдүн суранычы боюнча Суроочу тарап өз эсебинен, өзара макулдашууда белгиленген керектүү жардамды берет. 8-статья. Жардамдарды жайгаштыруу учурундагы милдеттенмелер 1. Макулдашуучу тараптар натыйжалуу, тез жана багыты боюнча ишжүргүзүү үчүн аракеттенүүлөрү керек. 2. Суроочу тарап өзгөчө кырдаалга дуушар болгон жерге жардам эњкыска мөөнөттө тез жетиши үчүн зарыл чараларды көрүшү керек. 3. Бул үчүн Суроочу тараптын компетенттүү органдары өздөрүнө тө-мөндөгүдөй милдеттенмелерди кабыл алышы керек: - Жардам көрсөтүү боюнча бөлүмдү, алардын кызматтык иттерин жанажабдууларын, ошондой эле жардам берүү каражаттарын кырсык болгон жергетезинен ташып жеткирүүнү камсыз кылуу жана бажылык формалдуулуктарданбошотууну камсыз кылуу; - ким экендигин күбөлөндүргөн документтер менен камсыз болгон Жар-дам көрсөтүү боюнча бөлүмдүн мүчөлөрүнүн Суроочу тараптын аймагына ки-рүүсүн уюштурууну жењилдетүү; - ветеринардык чектөөлөрдү, вакцинацияланганы жөнүндө маалымкатыбар кызматтык иттер үчүн карантинди алып салуу; - Жардам көрсөтүү боюнча бөлүмдүн жетекчиси берген адамдардын,кызматтык иттердин жана жабдуулардын толук тизмеси болгон учурда КыргызРеспубликасынын бажы чек арасы аркылуу адамдардын, кызматтык иттердинжана жабдуулардын тоскоолдуксуз кирүүсүн жана чыгуусун камсыз кылуу; - Жардам көрсөтүү боюнча бөлүмдү жардам көрсөтүү боюнча операция-нын жүрүшүндө колдонулуучу кызматтык иттерди, жабдууларды жана жардамберүүчү каражаттарды Суроочу тараптын аймагына кирүүдө да, чыгууда дабардык бажы алымдарынан, жыйымдарынан жана салыктардан бошотуу. Колдо-нулбаган жабдуулар жана жардамдык каражаттар миссия аяктагандан кийинБерүүчү тараптын эсебинен токтоосуз реэкспорттолушу керек. Реэкспортбардык салыктардан жана төлөмдөрдөн бошотулган; - дары каражаттарды импорттоо же алардын пайдаланылбаган ар кандайсанын реэкспорттоо бул Макулдашуунун алкагында дары каражаттар боюнчаэл аралык келишимдердин түшүнүгүндөгү импорт же экспорт катары эсептел-бейт. Наркотик дарылык каражаттар медициналык өтө зарыл болгон учурдагана импорттолуп жана Берүүчү тараптын медициналык персоналы Берүүчүжана Суроочу тараптардын юридикалык стандарттарына ылайык гана колдону-шу мүмкүн; - швейцариялык куткаруучулар жана жардам көрсөтүү боюнча башка бө-лүмдөр колдонуучу самолеттордун Суроочу тараптын аймагынын аба мейкин-дигинен учуп өтүүсүнө, ошондой эле өзгөчө кырдаалга дуушар болгон жергежакын аэропортко конуусуна жана учуп чыгуусуна кепилдик берүү. Жардамкөрсөтүү боюнча бөлүм колдонуп жаткан самолеттор жардам берип жатканубакта Суроочу тараптын аймагында бажылык формалдуулуктарсыз убактылуужол берүү системасынын чегинде кабыл алынышы керек; - Бөлүмдүн башчысы миссиясынын убагында самолетторду колдонуу ние-ти жөнүндө Суроочу тарапка токтоосуз кабарлап, аба кемесинин так мүнөз-дөмөсүн, ошондой эле учуучу экипаж, жүктүн мүнөздөмөсү, учуп чыгуу жанаконо турган убагы, болжолдонгон маршруту жана коно турган орду жөнүндөмаалыматтарды билдириши керек; - Суроочу тарап конуу жана учуу үчүн чараларды көрүшү керек. Алаэропорттордо, чек арада же бажы контролунун постторунда иммиграция,бажы, саламаттык сактоо жана айыл чарбасына тиешелүү маселелерди конт-ролдоону жењилдетиши керек; - Жардам көрсөтүү боюнча бөлүмдөрдүн бардык иш этабында Суроочутараптын аймагында Жардам көрсөтүү боюнча бөлүмдүн келишин, болушун жа-на жеке же коллективдүү жүрүүсүн кошкондо анын ишинин баардык этабынакөмөктөшүү, ошондой эле Жардам көрсөтүү боюнча бөлүм өз милдеттерин ат-карышы үчүн тийиштүү шарттарды жана каражаттарды берүүнү кошо алгандабардык керектүү чараларды көрүү; - Жардам көрсөтүү боюнча бөлүмдөрдүн колдо болгон телекоммуникаци-яларды же атайын радио жыштыкты пайдаланышына, ошондой эле жергиликтүүтелекоммуникациялык авариялык байланыш системасын жөнгө салуусуна көмөккөрсөтүү. 4. Жогоруда көрсөтүлгөн пункттардын шарты эвакуацияланууга тийишболгон адамдарга дагы колдонулат. Алардын ким экендиги жөнүндө маалы-маттар кийин тийиштүү мамлекеттик структураларга берилиши керек. 5. Толуктоо катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ШвейцарияКонфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2002-жылдын 23-октябрындагыТехникалык жана финансылык кызматташуу, ошондой эле гуманитардык жардамбоюнча алкактык макулдашуунун шарттары да колдонулат. 9-статья. Координациялоо 1. Жардам берүү боюнча миссиянын ишин координациялоо жана жалпыжетекчилик кылуу Суроочу тараптын компетенттүү органдарынын жоопкерчи-лик чөйрөсүнө кирет. 2. Суроочу тараптын бийлиги жардам сураган учурда жардам көрсөтүүбоюнча бөлүмдөр тарабынан аткарылышына ишеним көрсөтүлгөн милдеттердианыкташы керек. Суроочу тарап Берүүчү тарапка биротоло тапшыра тургантапшырмалар Макулдашуучу тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушулМакулдашуунун 4-статьясынын 1-пунктуна ылайык аныкталат. 3. Суроочу тараптын жардам көрсөтүү боюнча бөлүмдөргө берген кайсыгана көрсөтмөсү болбосун Бөлүмдүн башчысына гана берилиши керек, ал өзкезегинде өзүнө баш ийгендерге тийиштүү көрсөтмөлөрдү берет. 4. Суроочу тараптын бийлиги Берүүчү тараптын Жардам көрсөтүү боюн-ча бөлүмүнө миссиясын аткаруу үчүн коргоону, коопсуздукту жана көмөккөрсөтүүнү камсыз кылат. 10-статья. Жоопкерчилик Жардам көрсөтүүчү бөлүмдөр өздөрүнүн миссиясын аткаруу учурундакелтирилген кайсы гана чыгым болбосун жоопкерчиликти Суроочу тарап булМакулдашуунун чегинде өзүнө алат, эгерде мындай чыгым алар тарабынанатайын жасалбаса же өтө эле этиятсыздыктын натыйжасында келтирилбегенболсо. 11-статья. Кошумча жоболор Ушул Макулдашуунун жоболору кырсык болгон учурда жардам берүү чөй-рөсүндөгү колдонулуп жаткан башка көп тараптуу макулдашуулардын жоболо-руна таасир этпеши керек. 12-статья. Аткаруу механизми 1. Ушул Макулдашуунун 3-статьясында көрсөтүлгөн компетенттүү ор-гандар: - иш-аракеттерди даярдоонун, өткөрүүнүн жол-жоболорун түшүндүрүү,ошондой эле Суроочу тараптын аймагына жардам көрсөтүү үчүн келген бө-лүмдөрдү жайгаштырууга тиешелүү башка кошумча деталдарды түшүндүрүү жа-на өзгөчө кырдаалга дуушар болгон аймакта операцияларды жүргүзүү үчүнколдонмо түзүшү керек; - өз ара макулдашуу боюнча алдын алуу жана даярдануу үчүн төмөндө-гүлөр аркылуу чараларды көрөт: - алдын ала кабарлоо системасын өнүктүрүү; - адам ресурсун жана окутуунун программаларын өнүктүрүү; - тажрыйбаларды жана маалыматтарды алмашуу. 3. Өз ара макулдашуу боюнча Макулдашуучу тараптардын компетенттүүоргандары жардам көрсөтүү боюнча бөлүмдөрдүн иш-аракеттеринин натыйжа-сында жапа чеккен адамдардын ким экендигин жана аларга тиешелүү мүлк-төрдү, мындай кырсыктардын жана чыгымдардын себептерин аныктоо үчүн ка-дамдарды жасайт жана жапа чеккендерге чыгымдарды Макулдашуучу тараптар-дын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык төлөп берүүгө тийиш. 13-статья. Талаш-тартыштарды чечүү Макулдашуучу Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жанаколдонууда же ушул Макулдашууда каралган ишти жүргүзүүдөгү айырмачылык-тарга тийиштүү кайсы гана маселе болбосун дипломатиялык каналдар аркы-луу чечишет. 14-статья. Макулдашуунун күчүнө кирүүсү жана колдонулуу мөөнөтү 1. Бул Макулдашуу ушул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн керектүү бол-гон бардык мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылганы жөнүндө Макулда-шуучу Тараптардын кат жүзүндөгү акыркы билдирүүсү дипломатиялык канал-дар аркылуу алгандан 30 күндөн кийин күчүнө кирет. 2. Бул Макулдашуу беш жыл бою өз күчүндө калат. Бул мезгилден кий-ин жылдан жылга автоматтык түрдө узартылып турат. Макулдашуу Макулда-шуучу Тараптардын кимиси болсо да алдын ала алты ай мурун аны токтотуужөнүндө кат жүзүндө билдирүү менен бузулушу мүмкүн. 3. Бул Макулдашууга карата кандай гана болбосун өзгөртүү же толук-тоо Макулдашуучу Тараптардын өз ара макулдугу менен жана кат жүзүндөкиргизилүүгө тийиш. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун14-статьясынын 1-пунктуна ылайык күчүнө кирет. 4. Бул Макулдашууну бузуу эгер Макулдашуучу Тараптардын компетент-түү органдары башка чечим кабыл албаса, ушул Макулдашуунун чегинде ишкеашырылып жаткан, бирок аягына чыга элек иштерге таасир этпейт. Бишкек шаарында 200___-жылдын "_______" "____________" ар бирикыргыз, орус жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү жана бардыктексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчыпикирлер пайда болсо, англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот. Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн