Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 3-декабры №508-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялардын карыздарын реструктура-
лаштыруу жана алардын электр энергиясы үчүн эсептешүүдө телеге
жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялары-
нын карыздарынын проблемасын чечүү боюнча ведомстволор аралык комиссия
(мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда
түзөлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия эки айлык мөөнөттө:
- бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялардын дебитордук жана креди-
тордук карыздарына инвентаризациялоо жүргүзсүн;
- бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялардын карыздарын жоюунун
принциптерин жана мүмкүнчүлүктөрдүн аныктасын;
- бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялардын карыздарын жоюу, анын
ичинде векселдик эмиссия жолу менен жоюу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Рес-
публикасынын өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө,
энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министринин
милдетин аткарып жаткан биринчи
вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 3-декабрындагы
№ 508-б буйругуна
тиркеме
Кыргыз Республикасынын бөлүштүрүүчү энергетикалык
компанияларынын карыздарынын проблемасын чечүү
боюнча ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары
министри, комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу
кызматынын төрагасы, комиссиянын төрагасынын орун басары,
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары
министрлигинин энергетика жана газ башкармалыгынын начальниги, комисси-
янын катчысы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-
рлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-
кеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга карты саясат
жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары
министрлигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспек-
циянын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, ту-
ризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысы;
"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун
башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору
(макулдашуу боюнча);
"Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макул-
дашуу боюнча);
"Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулда-
шуу боюнча);
"Ош электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу
боюнча);
"Жалалабат электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (ма-
кулдашуу боюнча);
"Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директо-
ру (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз баалоочулар бирикмеси" коомдук бирикмесинин башкармасынын
төрагасы (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчисинин - министрдин
милдетин аткаруучу М.Исмаилов