Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 3-декабры № 513-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Талас, Нарын жана Ысыккөл облустарынын жа-кыр үй-бүлөлөрүнө ун жеткирүүнү камсыз кылуу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатыпалуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-майындагы № 124-б буйругунаылайык колдонулбаган ундун калдыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2007-жылдын 9-октябрындагы № 379-б буйругуна ылайык сатуу үчүн төмөнкү-лөрдүн райондук борборлоруна чейин - Талас облусунун - 395 тонна, Нарыноблусунун - 1530 тонна жана Ысыккөл облусунун - 1010 тонна унду жетки-рүүнү камсыз кылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик ушул буй-рукка ылайык сатылуучу унга бааны көрсөтүлгөн облустардын райондук бор-борлоруна чейинки транспорт чыгымдарынын жана мүшөктөрдүн баасын эскеалуу менен өздүк наркынын дењгээлинде үч күндүк мөөнөттө белгилесин. 3. Талас, Нарын жана Ысыккөл облустарынын мамлекеттик администра-циялары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы са-ясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик белгиле-ген баа боюнча унду өз убагында кабыл алууну жана жакыр үй-бүлөлөргөсатууну белгиленген тартипте камсыз кылсын. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев