Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 4-декабры № 516-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Жањы финансылык каражаттарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандарынын дењгээлинде ишке киргизүү максатында: 1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын баалуу кагаздарынчыгаруу жана жүгүртүүгө киргизүү боюнча пилоттук долбоорду иштеп чыгууүчүн ведомстволор аралык жумушчу топ төмөндөгү курамда түзүлсүн: - Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө са-луу кызматынын төрагасы; - Кыргыз Республикасынын финансы министри; - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-рлигинин статс-катчысы; - Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губерна-тор; - Бишкек шаарынын мэри; - Ош шаарынын мэри; - Жалалабад шаарынын мэри; - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштерибоюнча улуттук агенттигинин директору; - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик карыз-дар жана активдер башкармалыгынын начальниги; - "Биржалык соода системасы" жабык акционердик коомунун директор-лор кењешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); - "Central Asia stock exchange" жабык акционердик коомунун прези-денти (макулдашуу боюнча); - "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомунун президенти(макулдашуу боюнча). 2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын баалуу кагаздарын жүгүртүү боюнча чаралардын комплексинжана иш чараларды, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-рынын баалуу кагаздарын чыгаруу жол-жоболорун жана жүгүртүү механизмиништеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев