Бишкек шаары2006-жылдын 15-июлу № 111 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу 2006-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-жыл, № 12, 498-ст.)төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 7-статьяда: жетинчи бөлүктөгү "Автовокзал арналган" деген сөздөр "Автовокзал,автостанция арналышкан" деген сөздөргө алмаштырылсын; сегизинчи, тогузунчу бөлүктөр алып салынсын; онунчу бөлүк сегизин-чи бөлүк деп эсептелсин. 2-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев