Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 13-декабры № 533-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын бардык категориялардагы чарбаларында малдынжана үй канаттууларынын иш жүзүндөгү санын аныктоо максатында: 1. Республиканын аймагында бардык категориялардагы чарбаларда2008-жылдын 1-январына карата малга жана үй канаттууларына бир жолкусанак жана айылдык, поселоктук жана шаардык кењештердин чарбалык эсепкеалуу документтериндеги жазууларды тактоо жүргүзүлсүн. 2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары: - малды жана үй канаттууларын саноого даярдануу жана санак жүргү-зүү боюнча мамлекеттик ветеринардык кызматтардын өкүлдөрү жетектегенжумушчу комиссияларды түзүшсүн; - мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын кызматкерлеринен, айылдык, шаардык жана поселоктук кењеш-тердин депутаттарынан жана айыл башчыларынан, мамлекеттик жана коллек-тивдүү чарбалардын, ветеринардык кызматтардын, укук коргоо органдары-нын, кварталдык комитеттердин, коомчулуктун, иш менен камсыздоого кө-мөктөшүү фонддорунун өкүлдөрүнөн ишке тартылчу адамдардын (санакчылар-дын) тизмелерин бекитилсин жана алар иштечү участокторду белгилешсин; - санакчылар 2008-жылдын 2-15-январында ар бир дыйкан (фермердик)чарбаны, жеке көмөкчү чарбаны, ошондой эле айыл жана шаар жерлериндегидача участокторду, эс алуу үйлөрүн, пансионаттарды жана башка өзүнчөжайгашкан объектилерди (темир жол разъезддерин, кашарларды, чабандардынүйлөрүн, кыштоолорду жана башкаларды) милдеттүү кыдырып малдын жана үйканаттууларынын ар бир түрүн саноо менен малдын жана үй канаттуулардынсанагын толук жүргүзүшүн камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүшсүн; - эл арасында малдын жана үй канаттууларынын санагынын милдеттерижана максаттары жөнүндө түшүндүрүү ишин жүргүзүшсүн; - санакчылардын персоналын унаа менен камсыздоо маселесин чечиш-син, малды жана үй канаттууларды саноо учурунда санакчылардын коопсуз-дугун камсыздашсын. 3. Көмөкчү чарбасында малы жана үй канаттуулары бар министрликтер,мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлиги-нин башка органдары, мамлекеттик ишканалар жана мекемелер санактын баш-талышына чейин аларды 2008-жылдын 1-январына карата инвентаризациялоонужана кайрадан санап чыгууну аякташсын. 4. Бардык уюштуруучу-укуктук формадагы жана менчиктин түрлөрүндөгүайыл чарбалык ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери Кыргыз Республи-касынын Улуттук статистика комитетине ар бир чарбадагы малдын жана үйканаттууларынын иш жүзүндөгү саны жөнүндө толук жана текшерилген маалы-маттарды белгиленген формаларда жана белгиленген мөөнөттө 2007-жылдын1-январына карата беришсин. 5. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуубоюнча), Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын аймактык ички иш-тер органдары: - 2007-жылдын 24-декабрына чейин айылдык, поселоктук жана шаардыккењештерди малды жана үй канаттууларын саноо боюнча формулярлар мененкамсыздашсын; - айылдык, поселоктук жана шаардык кењештердин жетекчилери мененмалды жана үй канаттууларын саноо боюнча нускоочулук кењешмелерди өткө-рүшсүн; - малдын жана үй канаттууларын болушуна контролдук текшерүүлөрдүжүргүзүшсүн. 6. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине малды жанаүй канаттууларын саноонун баштапкы жыйынтыгын Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө 2008-жылдын 28-январына карата, ал эми акыркы жыйынтыгын2008-жылдын 19-февралына карата берүү сунушталсын. 7. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги айыл чарба жаныбарларынын жана үй канаттууларынын жу-гуштуу ылањдарынын алдын алуу жана эпизоотияга каршы иштерди өз убагын-да жүргүзүү максатында, ошондой эле ветеринардык препараттардын керек-түү санын аныктоо үчүн малдын жана үй канаттууларынын саны жөнүндө так-талган маалыматтарды пайдалансын. 8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-ноябрындагы №659-б буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин. 9. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдала-нуу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев