Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 5-декабры N 518-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Ушул жылдын күздүк себүүсүнө сорт жањыртуу жана сорт алмаштыруубоюнча зарыл биологиялык процессти өткөрүүнүн белгиленген өндүрүштүкпрограммасын аткаруу боюнча республиканын үрөнчүлүк чарбаларына мамле-кеттик колдоо көрсөтүү максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ал-дындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду "МИС" ачык акционер-дик коомунан "Азиброш" күздүк буудай сортунан 47 тонна супер-элита үрө-нүн жана "Манас" күздүк арпа сортунан 115 тонна элита үрөнүн, ошондойэле "Нива" айыл чарба өндүрүштүк кооперативинен "Интенсивная" буудайсортунан 29,4 тонна элита үрөнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттикүрөн фондуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатыпалуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке тиеше-лүү түрдө 135 тонна жана 73,5 тонна көлөмүндө азык-түлүк буудай данытүрүндөгү товардык кредиттин карызын жоюунун эсебине кабыл алышсын. 2. Республиканын үрөнчүлүк чарбаларына товардык кредит түрүндө2008-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөт менен мамлекеттик үрөн фондунда-гы топтолгон "Азиброш" күздүк буудай сортунан 47 тонна супер-элита үрө-нү, "Интенсивная" буудай сортунан 29,4 тонна элита үрөнү, ошондой эле"Манас" күздүк арпа сортунан 115 тонна элита үрөнү Товардык кредиттердибөлүштүрүү боюнча мамлекеттик республикалык комиссиясынын заседаниеси-нин 2007-жылдын 25-октябрындагы N 8 протоколунун негизинде, азык-түлүкбуудай данынын үрөнүнүн ар бир алуучусу тарабынан Кыргыз Республикасы-нын мамлекеттик материалдык резервине кайтарып берүү шартында үрөндүнбир тоннасы үчүн, төмөнкүдөй катышта берилсин: - күздүк буудайдын супер-элита үрөнү үчүн - 3,03 тонна; - буудайдын элита үрөнү үчүн - 2,5 тонна; - күздүк арпанын элига үрөнү үчүн - 1,5 тонна. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Эконо-миканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду мыйзамдарда белгиленген тартипте: - үрөн алуучулар менен алар тарабынан алынган товардык кредиттиазык-түлүк буудай даны менен кайтарып берүү шартында кредиттик күрөөлүкдокументтерди тариздесин; - "МИС" ачык акционердик коомунун жана "Нива" айыл чарба өндүрүш-түк кооперативинин карыздарын азык-түлүк буудай даны үчүн алардын ка-рыздарын ссудазаемчулар - үрөн алуучуларга которуу жолу менен азайтсын. 4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Эконо-миканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду 388,5 тонна азык-түлүк буудай да-нын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик материалдык резервине кайтаруумөөнөтүн 2008-жылдын 1-декабрына чейин узартсын. 5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев