Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 20-декабры № 553-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигименен Кытай Эл Республикасынын Маалыматтык индустрия министрлигинин ор-тосундагы Кыргыз Республикасы - Кытай Эл Республикасы була-оптикалыкбайланыш линиясын (БОБЛ) курууну биргелешип илгерилетүү жөнүндө мемо-рандумдун долбооруна макулдук берилсин. Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев Долбоор Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Маалыматтык индустрия министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасы - Кытай Эл Республикасы була-оптикалык байланыш линиясын (БОБЛ) курууну биргелешип илгерилетүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Транс-порт жана коммуникациялар министрлиги жана Кытай Эл Республикасынын Ма-алыматтык индустрия министрлиги, узак мөөнөттүү достукту эске алышып жана маалыматтык-телекоммуни-кациялык технологиялар тармагында эки тараптуу кызматташтыкты чыњдоонукаалашып, Кыргыз Республикасы - Кытай Эл Республикасы була-оптикалык байла-ныш линиясын (мындан ары - "КР - КЭР БОБЛ") куруу эки өлкөнүн элдерининортосунда экономикада, соода жана маданий алмашуудагы кызматташтыктыөнүктүрүүгө көмөктөшө тургандыгын түшүнүшүп, тењ укуктуулуктун, өз ара пайданын негизинде жана өз мамлекеттери-нин улуттук мыйзамдарына ылайык, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Негизги принциптер Кызматташтыкты ишке ашыруу максатында Тараптар маалыматтык-теле-коммуникациялык технологиялар тармагында эки өлкөнүн экономикасына ин-вестицияларды тартуу процессин тездетүү үчүн коммерциялык жана рынокмеханизмдерин колдонушат, КР - КЭР БОБЛду курууну биргелешипжүргүзүшөт. 2-статья. Кызматташуу чөйрөсү Тараптар КР - КЭР БОБЛду кура баштоого, өз ара кызматташуу үчүноператорлорду дайындоого, мүмкүндүккө жараша кыска мөөнөттө уюштурууиштерин жүргүзүүгө ниеттенишет. 3-статья. Ишке ашыруу механизми 1. Тараптар КР - КЭР БОБЛду куруу боюнча биргелешкен эксперттикжумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) түзүшөт, ал көп тараптуу кызмат-таштыкты бекемдөө үчүн региондо маалыматтык-телекоммуникациялык техно-логиялар тармагында активдүү иш жүргүзөт жана Тараптардын координатор-лорун аныктайт. 2. Жумушчу топтун курамы байланыш администрациясынын өкүлдөрүнөн,Тараптардын байланышты пландаштыруу боюнча операторлорунун жана адисте-ринин өкүлдөрүнөн түзүлөт. 3. Тараптардын координаторлору алардын мамлекеттеринин өкмөттөрүменен КР - КЭР БОБЛду куруу маселелерин макулдашуу, КР - КЭР БОБЛду ку-рууну пландоо боюнча иштерди жүргүзөт, каржылоо, техникалык жактан кам-сыздоо, кадрларды окутуу жана башка маселелерди кошо алганда КР - КЭРБОБЛду куруу маселелерин чечишет. 4-статья. Каражаттар жана ресурстар Ушул Меморандумдун жоболорун ишке ашыруу үчүн Тараптар техникалыккамсыздоону, эл аралык уюмдар жана донорлор тарабынан каржылоону кошоалганда каражаттарды жана ресурстарды тартууга, ошондой эле өздүк кара-жаттарын жумшоого ниеттенишет. Тараптар бирдиктүү пикирдин негизиндебиргелешкен сарптоолор жөнүндө чечим кабыл алышат. 5-статья. Талаш-тартыштарды чечүү жана Мыйзам 1. Тараптар ушул Меморандумдун жоболорун ишке ашырууда Тараптардынмамлекеттеринин эрежелери менен мыйзамдарын жетекчиликке алышат. 2. Ушул Меморандумдун жоболорун ишке ашырууда талаш-тартыштар жеболбосо ар түрдүү окулуштар пайда болсо, аларды сүйлөшүүлөр жана кон-сультациялар аркылуу чечишет. 6-статья. Колдонуу мөөнөтү 1. Бул Меморандумга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча прото-колдор менен таризделүүчү, ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп са-налуучу жана ушул статьянын 2-пунктунда каралган тартипте күчүнөкирүүчү өзгөртүү жана толуктоо киргизилиши мүмкүн. 2. Бул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Та-раптардын бири бул Меморандумдун колдонулушун токтотуу жөнүндө билдир-ген күндөн тартып 90 күн бүткөнгө чейин колдонулат. 3. __________ шаарында 2007-жылдын "___" ___________ эки түп нус-када, ар бири кыргыз, орус жана кытай тилинде түзүлдү, мында бардыктексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар Маалыматтык индустрия министрлиги үчүн министрлиги үчүн