Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 20-апрелиндеги № 171-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2007-жылдын 24-декабры № 567-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрындагы Кыргызстандын элине кайрылуусунда коюлган маселелерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында каралган 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасын индустриалдык-инновациялык өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министри, жумушчу топтун жетекчиси.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын директору;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик статс-катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти.
2. Жумушчу тобу 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасын индустриалдык-инновациялык өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун 2008-жылдын 1-апрелине чейин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу тобунун жетекчисине зарыл болгон учурларда белгиленген тартипте Стратегиянын долбоорун иштеп чыгууга министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперт-консультанттарды тартуу, ошондой эле эл аралык финансы институттарынын гранттык каражаттарын пайдалануу укугу берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу
|
И.Айдаралиев |